Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:42

“Бир дүйнө-Кыргызстан-2021” фестивалында “Азаттыктын” документалдык тасмасы көрсөтүлөт


Суусамыр.
Суусамыр.

Бүгүн 8-декабрда Бишкекте “Бир дүйнө-Кыргызстан-2021” документалдык тасмалар фестивалынын алкагында “Азаттыктын” “Суусамыр: -40 градустагы жашоо” деп аталган тасмасы көрсөтүлөт.

Анда деңиз деңгээлинен 3400 метр бийиктикте жайгашкан Төө-Ашууда №9 жол тейлөө ишканасында 40 градус суукта эмгектенген жолчулардын жашоосу көрсөтүлөт. Жумушчулардын көбү кышкысын жол кооптуу кезде апталап үй бетин көрбөй, атайын жатаканада түнөшөт. Сөөк какшаткан суукта жол азабын тарткан айдоочулар, жол жээктеп соодасын кылган ишкерлер тынбайт.

Адам укугуна арналган документалдуу тасмалардын эл аралык фестивалы 3-декабрда башталган. “Бир дүйнө–Кыргызстан” укук коргоо уюму быйыл 15-жыл уюштуруп жаткан фестиваль бул ирет “Адам укуктары коркунучтар жана өзгөчө кырдаалдар шартында” деген тема менен өтүүдө. Быйыл ага 17 өлкөдөн 45 тасма түшкөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG