Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Депутаттык комиссия Жээнбеков менен Зулпукаровду жоопко тартууга уруксат берген жок


Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков жана Бакытбек Жетигенов. Коллаж.
Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков жана Бакытбек Жетигенов. Коллаж.

Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия Башкы прокуратурага депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга уруксат берген жок. Ал эми депутат Бакыт Жетигеновдун маселесин кароону кийинкиге калтырды. Бул тууралуу комиссия мүчөсү, депутат Эмил Токтошев билдирди.

1-декабрда түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун бүгүн 8-декабрда жалпы палата карайт.

Жээнбеков менен Зулпукаров "Кумтөр иши" боюнча коррупцияга шек саналып быйыл июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалышкан. Жетигеновду УКМК “Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген айыптын негизинде быйыл ноябрда кармаган.

1-декабрга чейин иштеген “Жазык-процесстик кодекстин” талаптарына ылайык үч депутатты жоопко тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокуратура 24-29-ноябрда Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштамаларын жөнөткөн.

Башкы прокуратура эгер Жогорку Кеңеш жоопко тартууга макулдугун бербей турган болсо депутаттар камактан бошотуларын, алардын депутаттык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнчө кылмыш иши убактылуу токтотуларын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG