Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:29

"Унаа" мекемеси ИИМдин карамагына өтмөй болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы бүгүн, 8-ноябрда билдиргендей, аталган жарлык жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатып, жабыркагандардын санын, жол-транспорт кырсыктарынын кесепеттерин азайтууга багытталган.

Маалыматта 2010-жылдан тартып республиканын аймагында 74 миңге жакын жолдогу кырсыктар катталып, андан 11 миңден ашуун киши каза болгону белгиленген. Ал эми 109,5 миң адам ар түрдүү жараат алган. Ушул аралыкта 16 миңден ашуун кырсык балдардын катышуусу менен болгон. Бул жалпы кырсыктардын 22,1% түзөт. Андан 1 306 бала каза болгон.

Мамлекет башчы кол койгон документке ылайык, Ички иштер министрлиги жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү жооптуу мамлекеттик орган болуп аныкталып, анын карамагына бир катар мекемелер өткөрүп берилген.

- Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинин тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүлөт.

- Транспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулар курамын каттоо, транспорт каражаттарын башкаруу укугуна квалификациялык экзамендерди өткөрүү жана кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү функциялары ИИМге өткөрүлөт;

- Жарандарды транспорт каражаттарын башкаруунун теориялык жана практикалык көндүмдөрүнө, Жол кыймылынын эрежелерине окутуу процессин жакшыртуу максатында автомектептердин ишин лицензиялоо функциясы ИИМге өткөрүлөт;

- Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-габаритти контролдоо департаментинен жүргүнчүлөрдү ташууну көзөмөлдөө ИИМге өткөрүлөт.

– Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишти тартипке келтирүү максатында: Ички иштер министрлигине лицензиялоо функциясын өткөрүп берүү менен жеңил автомобил транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну лицензиялоону киргизсин; жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоо боюнча функцияларды Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүп берсин.

2018-жылдын 21-декабрында өкмөт Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаменти менен Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борборун жоюп, анын базасында жаңы "Унаа" мамлекеттик мекемесин түзгөн. Автоунааларды каттоого жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө ушул мекеме жооптуу болору айтылган.

2021-жылдын 11-сентябрда журналист Болот Темиров Temirov LIVE каналы "Унаа" мамлекеттик ишканадагы тендер тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Тендер чырынан кийин "Унаа" мамлекеттик мекемесин жетектеп турган Турусбек Түмөнбаев кызматтан алынган. Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кудасы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG