Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:23

Журналист Хашогжинин өлүмүнө шектүүнүн бири кармалды


Маркум Жамал Хашогжи. Лондондо Middle East Monitor уюму уюштурган иш-чарада сүйлөп жатат.
Маркум Жамал Хашогжи. Лондондо Middle East Monitor уюму уюштурган иш-чарада сүйлөп жатат.

Париждин Шарль де Голль аэропортунда сауд арабиялык журналист Жамал Хашогжини өлтүрүүгө шектүү Халед Айед ал-Отайби кармалганын француз маалымат каражаттары кабарлашты. Ал кылмышка шектүү катары Түркия издөөгө алган 26 саудиялыктын бири.

Падышалык гвардиянын 33 жаштагы офицери Халед ал-Отайби Францияга өз аты менен менен келип, кармалгандан кийин камакка алынды.

«The Washington Post» басылмасы менен кызматташып келген Хашогжи 2018-жылы октябрь айында өлтүрүлгөн.

Мухаммед бин Салмандын авторитардык саясатын аёосуз сындаган журналист Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугуна документ алуу үчүн келгенде өлтүрүлүп, сөөгү жиликтелгени белгилүү болгон.

Саудиянын бийлиги адегенде, журналист консулдуктун кызматкерлери менен жаңжалдашкандан улам каза болгонун билдирген.

Түрк чалгын кызматтары “Сауд Арабиянын расмий кызмат адамдары Жамал Хашогжини атайын пландап, ырайымсыздык менен өлтүрткөн” деп эсептейт.

Түркия бийлиги аны өлтүрүү үчүн Стамбулга келген тыңчылар Сауд Арабиянын падышалык бийлигинен түшкөн буйруктун негизинде иш алып барганын айтып чыгышкан.

Бир нече айдан кийин Сауд Арабиянын Стамбулдагы консулдугундагы телефон тыңшоосунун жазуулары жарыяланды. Анда Жамал Хашогжи консулдуктун имаратына киргенде аны дароо Эр-Рияддан келген топ тосуп алып, алар кийин аны мыкаачылык менен өлтүргөнү ачыкка чыккан.

Бул окуяга байланыштуу 21 киши камакка алынган. 2019-жылы жабык сот жүрүмүндө 11 киши жазага тартылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG