Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:38

Элчилик Орусияда каза болгон кыз боюнча жалган маалымат таратпоого чакырды


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Казан шаарында каза болгон кыргызстандык кыздын өлүмүнө байланыштуу жалган маалымат таратып жаткандар жоопко тартылышы мүмкүн экенин эскертти.

Элчилик 8-декабрда билдиргендей, Кыргызстандын айрым жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары «ушакка жана жоромолго» негизделген маалымат таратып жатышат.

Мекеме Казан шаарынын Тергөө башкармалыгы менен байланышта экенин, экспертизалардын жыйынтыгы бир ай ичинде чыгарын, кыз зордуктоого кабылбаганын, окуя тууралуу элчиликке маалымат түшпөгөнүн, анын энеси менен өздөрү байланышка чыгып, жардам сунуш кылышканын, бирок ал баш тарканын билдирди.

19 жаштагы кыз Орусияга апасы менен чогуу быйыл март айында барганы, ал 30-ноябрда Казан шаарында 11-12 кабат үйдөн кулап каза тапканы белгилүү болгон.

Чет жакта жашаган кыргызстандыктар арасында каза болгондордун саны жыл сайын 300гө чамалап жатканы быйыл май айында чет өлкөгө чыгуучулардын өмүрүн милдеттүү түрдө камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууланып жатканда айтылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG