Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

БУУ казак бийлиги маркум Куракбаевдин укугун бузган деп тааныды


Казакстан. Шарип Курукбаев, «Казакстан чындыгы» газетасынын башкы редактору. Алматы, 26-сентябрь , 2013-жыл.
Казакстан. Шарип Курукбаев, «Казакстан чындыгы» газетасынын башкы редактору. Алматы, 26-сентябрь , 2013-жыл.

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети казакстандык журналист, маркум Шарип Куракбаевдин укугу бузулганын ал өлгөндөн кийин тааныган чечим чыгарды. Бул тууралуу «Адил сөз» сөз эркиндигин коргоо уюму билдирди.

Сот чечими менен Казакстан коммунисттик партиясынын «Казакстан чындыгы» гезитин басуу 2013-жылы бир нече жолу токтотулуп, анын баш редактору Шарип Куракбаевге ири өлчөмдө акчалай айып салынган.

Тыюу салынган гезиттин баш редактору Шарип Куракбаев улуттук соттордун бардык тепкичтеринин кароосунан өткөндөн кийин, БУУнун адам укуктары боюнча комитетине арыз менен кайрылган эле.

2021-жылдын 7-декабрында бул арызга БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинен жооп келди.

"БУУнун Адам укугу комитети 2013-жылы казак бийлиги Шарип Куракбаевдин сөз эркиндигине болгон конституциялык укугун негизсиз чектеген деп эсептейт», - деп жазылган анда.

Комитеттин чечиминде журналисттин ишинде жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактынын 19-беренеси бузулганы көрсөтүлгөн.

Куракбаев 2018-жылы август айында Алматыдагы үйүндө каза болгон.

«Анын укугун бузган мамлекет, атап айтканда, Казакстан Шарип Куракбаевдин жесири Райхан Сабдикеновага тийиштүү компенсация, анын ичинде Куракбаев тарткан соттук чыгымдардын жана административдик айыптардын ордун толтурууга милдеттүү», - деп айтылат «Адил сөз» уюму тараткан билдирүүдө.

Казакстандын азыркы бийлиги БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимине эч кандай реакция кылган жок.

Казакстан жарандык жана саясий укуктар боюнча Эл аралык пакттын катышуучусу. Аталган пакт ага катышуучу мамлекеттерден сөз жана басма сөз эркиндигин урматтоону талап кылат.

“Адил сөз” уюмунун билдиришинче, Казакстандын бийлиги 180 күндүн ичинде аталган чечимдин негизинде көрүлгөн чаралар боюнча БУУнун Адам укуктары комитетине маалымат бериши керек.

Шарип Куракбаев ар кайсы жылдары бир катар оппозициялык басылмаларда иштеп, кийин соттун чечими менен ишмердиги токтотулган.

Ал “Жаңы-Өзөн-2011” комитетинин мүчөсү болгон. Оппозициялык «ДАТ» гезитинин редактору, «Казакстан чындыгы» гезитинин кабарчысы, кийин анын башкы редактору, өмүрүнүн акыркы жылдарында «Аңыз адам» журналында иштеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG