Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Каптагаев: Эркин сүйлөө да чоң жетишкендик


Эмилбек Каптагаев
Эмилбек Каптагаев

Коомдогу кулмүнөз психологиядан кутулуу үчүн күчтүү мамлекеттик идеология, атуулдук аң-сезим керек. Булар менен биз чөлкөмдө өнүккөн, кубаттуу мамлекет болобуз. Мындай пикирин саясатчы Эмилбек Каптагаев "Азаттыкка" курган маегинде бөлүштү.

- Эмилбек мырза, Кыргызстан эгемендиктин 30 жылдыгында өз алдынча мамлекет катары кандай ийгиликтерге жетишти?

- Эң чоң жетишкендигибиз бул деп бөлүп айтуу кыйын, бирок негизги жетишкендигибиз - эгемендиктин сакталышы, мамлекетибиздин дүйнөгө таанылышы. Башка мамлекеттерден озуп кетпесек да, элибиздин жашоо-тиричилиги, жашоо-шарты, жашоо сапаты аздан болсо да өнүгүп отурганы.

Жаңы коом пайда болду. Элибиз жаңырды. Элибизде эркиндик - адам эркиндиги, сөз эркиндиги, экономикалык эркиндикке болгон маданият калыптанды. Элибиз эркин сүйлөөгө, эркин коомдо жашоого үйрөндү. Бул дагы чоң жетишкендик.

- Кыргызстан отуз жыл ичинде эмнелерди жоготту? Кандай кемчиликтерди кетирди деп ойлойсуз?

- Эң чоң жоготуу, эң чоң кемчилигибиз - Эгемендиктин баа-баркын жеткиликтүү түшүнүп, коомдук аң-сезимге айланта алган жокпуз. Эгемендүү мамлекеттүүлүк идеясы ар бирибизди ойлонтуп, толгонткон, жетектечү күчкө ээ болгон идеяга айланган жок. Отуз жылдыкка карата тегерек столдо Ишенгүл Болжурова мектеп окуучуларынын он пайызы гана Ата Мекендин ыйыктыгын сезишери сурамжылоодо аныкталганын айтты. Калгандары андай сезим жоктугун билдирген.

Бул абдан кооптуу. Бул деген - улуттук трагедиянын алдында турабыз деген сөз. Эгер келечек муундун 90% Ата Журттун ыйыктыгын, Ата Мекендин ыйыктыгын билбесе, анда мындай улуттун келечеги жок. Ошондуктан, биз ушул маселенин үстүндө алдыдагы отуз жылда жакшылап ойлонушубуз керек.

- Эгемендигибизге ээ боло албай жатабыз дегениңизде улам келген бийлик мурдагы адат менен Москваны карайт дедиңизби?

- Албетте, бул кулчулук, кулмүнөздүк бизде дагы деле бар. Ошол эле орус мамлекетинин алдында жагалдануу, жагынып, дагы деле болсо "бизди кошуп алып, бакма мал кылып ал" дегендей психология биздин коомдо бар. Бул ошол отуз жыл ичиндеги эң чоң мүчүлүштүк - таалим-тарбия жана идеологиялык иштерди көз жаздымда калтырганыбыздын кесепети.

- Эмилбек мырза, алдыдагы отуз жылдан эмнени көрө аласыз? Өлкө өнүгөбү, ал үчүн кандай кадамдар керек?

- Мен ишенем. Биз чөлкөмдө өнүккөн, кубаттуу мамлекет болобуз. Буга мен терең ишенем. Мына 30 жылдык тарыхыбыздын өзү буга далил. Кандай айтсак да, 2005-2010-жылкы, былтыр октябрдагы революциялык козголуштар жөн жеринен эмес. Элибиздин ички энергетикасынын атылып чыкканы, элибиздин бараткан жолго, жасалып жаткан аракеттерге нааразылыгынын белгиси. Мына ушундай изденүүлөрдөн кийин биз жолубузду таап, сөзсүз өнүгөбүз! Мен буга терең ишенем!

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

Отунбаева: Акыркы демибиз калганча прогрессивдүү коом курууга умтула беребиз
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:04 0:00

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG