Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

"Болотгейт": Журналисттер коопсуздугуна тынчсызданат


Ички иштер министрлигинин алдындагы журналист Болот Темировду жана төкмө акын Болот Назаровду колдоо митинги. 23-январь, 2022-жыл.
Ички иштер министрлигинин алдындагы журналист Болот Темировду жана төкмө акын Болот Назаровду колдоо митинги. 23-январь, 2022-жыл.

Журналист Болот Темиров жана анын командасынын ишине байланышкан маселени 1-февралда Жогорку Кеңештин комитети карады. Ал арада "Азаттык” радиосу, OCCRP жана Kloop медиасы Болот Темировдун командасына кандай аңдуулар, шантаж болгону тууралуу биргелешкен иликтөөсүн жарыялады. Журналисттик коомчулуктун өкүлдөрү сөз эркиндигине байланыштуу кайрылуу жолдоду.

ИИМ маалыматы

Парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Temirov LIVE каналынын кызматкерлери боюнча Ички иштер министрлигинин маалыматын укту. Министрдин орун басары Эркебек Аширходжаев жыйында кыска маалымат берип, тергөө калыс жүрүп жатканын айтты. Ал Болот Темировдун чөнтөгүнөн табылган маңзатты милиция кызматкерлери салып койду деген дооматка да жооп берди.

“Азыр ар тараптуу тергөө жүрүп жатат. Болот Темировдун айткандары боюнча текшерүү жүрөт. Тинтүү учуру видеого тартылган. Андан тышкары кеңсенин ичиндеги видео байкоо да алынган. Азыркы тапта соттон уруксат алып, аталган тасмаларды караганга киришип жатабыз. Эгерде милиция кызматкери чөнтөгүнө салып койгону аныкталса, анда жоопко тартылат", - деди Эркебек Аширходжаев.

Башкы прокуратуранын өкүлүнүн маалыматына караганда, Темиров менен Назаровдун иши көзөмөлдө. Темиров 1-февралда канынан анализ берип, анын жыйынтыгы таза чыкканын билдирди. Журналист буга чейин заарасынан анализ тапшырып, ал да таза чыккан. Ал эми Temirov LIVE каналынын башка кызматкерлери ишти тергеп жаткан шаардык милициясына күбө катары сурак берип чыгышкан. Болот Темировдун жактоочусу Разак Ашимбаев тергөөгө нааразылыгын айтты.

“Биз тергөөнүн жүрүшүнө нааразы болуп, Башкы прокуратурага арыз менен кайрылдык. Алар азырынча расмий жооп бере элек. Темировду кармагандан баштап мыйзамсыз иштер көп болуп жатат. Булар Болот Темировго күч колдонуп, анын кеңсесин уруксатсыз тинтишкен. Андан алынган каржылык маалыматтар интернетке жарыяланууда. Мындан улам тергөөнүн адилеттүү жүрүшүнө ишенбей турабыз”.

Temirov LIVE каналынын негиздөөчүсү Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаров 22-январда кармалып, журналисттер, активисттер жана акындар 23-январда чогулуп, аларды бошотуу талабын койгондон кийин экөө тең үй камагына чыкты. Эки Болот баңгизатын мыйзамсыз сактоого шектелүүдө.

Биргелешкен иликтөө

31-январда "Азаттык” радиосу, OCCRP жана Kloop медиасы биргелешкен иликтөө жарыялап, 22-январда Болот Темировдун кармалышын “журналистке жана анын командасына каршы бир нече айлык аңдуунун жана басым көрсөтүүнүн кульминациясы” болгонун жазышты.

Иликтөөдө "Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкери" делген жаран Temirov LIVE тобунда иштеген кыз менен мамиле куруп, аны менен бирге өткөргөн түндү бир нече камерага тартып алганы айтылат. Андан кийин атайын кызматтын башка өкүлдөрү интимдик видеону кызга көрсөтүп, кызматташууга барбай турган болсо, аны жарыялай турганын айтып коркуткан.

Коопсуздугу үчүн аты Айгүл деп өзгөртүлгөн кыз өзүн атайын кызматтын өкүлдөрү деп тааныштыргандар өзүн кантип опузалаганын айтып берген.

“Макул, сен жашсың, курчсуң, чыдап коёсуң. Бирок апаң менен атаң эмне болот? Алардын жүрөгү буга чыдабайт. Алар ушунча жыл иштеп, кадыр-баркка жетишсе, сен бир заматта аны жок кыласың”, - деген Айгүлгө кызматташууну сунуштагандардын бири.

Кыз үн катпай койгондо агенттердин бири басымды күчөткөн.

“Менин балдарым ата-энеңдин үйүнүн жанында турат. Алар ата-энеңе барып, сүрөттөрдү көрсөтүшөт. Аларга жаңы жылдык жакшы белек болот”.

Айгүл атайын кызматтын шартына көнбөй, Temirov LIVE каналы болсо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнө байланыштуу иликтөөсүн 20-январла YouTube каналына жарыялаган. Андан эки күндөн кийин журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаров кармалса, көп өтпөй Temirov LIVE каналында иштеген кыздын жашыруун тартылып алынган видеосу жарыяланат.


Ошондой эле "Азаттык” радиосу, OCCRP жана Kloop медиасы жарыялаган бул иликтөөдө былтыр октябрь айында Болот Темиров жашап турган батирден санарип видеокамера, Wi-Fi роутери менен табылганы да айтылат. Ал камера конок бөлмөнү тартып турган. Темиров өз батиринде жаздырылганын айткан бир катар аудиолор кийинчерээк интернетке жарыяланган ага каршы видеолордо колдонулду.

Саясат талдоочу Турат Акимовдун бул окуялар боюнча пикирин угалы.

Турат Акимов
Турат Акимов

"Кыргыз саясатына анализ жүргүзүп, атайын кызматтын ишин жакшы билген мен үчүн бул окуялар жаңылык эмес. Опуза (шантаж) жолу менен маалымат алуу - илгертеден калыптанган ыкма. Мунун максаты журналисттердин аброюн түшүрүүгө багытталган”.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети "Азаттык” радиосу, OCCRP жана Kloop медиасы 31-январда жарыялаган иликтөө боюнча комментарий бере элек. Бирок 26-январда интернетке тарап жаткан видеолор боюнча маалымат тараткан. Ал жерде мындай деп жазылат:

“Журналист Болот Темиров, акын Болот Назаровдун кармалышы жана коомчулукта кызуу талкууланып жаткан жеке видеотасмалардын таралышына УКМКнын эч кандай тиешеси жок экенин белгилейбиз. Кээ бир кызыкдар жактар атайын кызматтын дарегине далилсиз, аргумент келтирбестен аны күнөөлөп, "катуу сөздөрдү, эпитеттерди" айтып, күч органдарына каршы иш-аракеттерди кылып жатканы таң калтырат”.

Журналисттердин кайрылуусу

Бул иликтөөгө удаа эле журналисттик коомчулуктун өкүлдөрү бийликке кайрылып, демократиялык коомдун принциптеринен жана баалуулуктарынан четтөө өңдүү тынчсыздандырган көрүнүштөр болуп жатканын билдирди. Мындан тышкары алар журналисттерге чабуул жасагандардын артында кимдер турганын билерин, соцтармактардагы “троллдорго” ким ээлик кылып, аларды кимдер башкарып жатканынан да кабардар экенин айтышкан. Ошондой эле мындан ары дагы өз милдеттерин аткара беришерин жарыялашкан.

"Бийликтен сурагыбыз келет – силер үчүн кылмышкер жана мыйзам бузуучу деги ким? Мыйзамды бузган кишиби же чындыкты айткан адамбы? Бийликти, бир катар аткаминерлердин бийликке жакын тарапташтарын жалпыга маалымдоо каражаттарына жана журналисттерге карата социалдык тармактарда жапырт чабуулдарды токтотууга, коомчулуктун көңүлүн журналисттер ачып жаткан көйгөйлөрдөн башка жакка бурбоого, журналисттерди каралап, талкуунун темасын өзгөртүү максатында аларды аңдып, жеке жашоосуна байланыштуу видеолорду туш тарапка жайылтууну токтотууга чакырабыз".

Сүрөт айрым окурмандар үчүн үрөй учурган маанай жаратышы мүмкүн
Темировдун батиринен табылган жабдык. Булак: Temirov/OCCRP
Темировдун батиринен табылган жабдык. Булак: Temirov/OCCRP
Сүрөт айрымдардын үрөйүн учурушу мүмкүн. Басып көрүңүз.
Темировдун батиринен табылган жабдык. Булак: Temirov/OCCRP

Президент Садыр Жапаров журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровдун баңгизат менен кармалгандыгына байланыштуу иштердин адилет тергелишине толук көз салып турарын жарыялаган. Ал журналисттерди бирөөнү жөнү жок каралап, айып койгондон алыс болууга да чакырган.

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев бул иште Ички иштер министрлигинин жоопкерчилиги чоң экенин айтууда.

Чолпонбек Абыкеев
Чолпонбек Абыкеев

“Президент бул окуядан биринчи күндөн баштап эле кабардар. Өзүнүн көзөмөлүнө алган. Бирок мамлекет башчынын башка иштери да көп. Күнүгө эле Ички иштер министрлигинен сурап тура албайт да. Мекеме өзүнө берилген тапшырманы так аткарышы керек. Алар ушул маселеде кандайдыр бир кемчилик кетирсе, анда министр кызматтан кетиши керек. Анткени биз буга чейинкилер уюштургандай ыплас жолдорду пайдаланып, коомчулукту коркутам деген ойлорго барбашыбыз керек. Президент башынан бери эле эскилердин жолун кайталабай турганын айтып келет. Эгерде бул окуяда мыйзамсыз иштер болгон болсо, анда аны президент билбейт”.

Temirov LIVE каналынын айланасындагы окуяда ишти тергеп жаткан Ички иштер министрлигинин эмес, УКМКнын да сөз болуп жатышы жөн жерден эмес. Анткени редакциянын соңку иликтөөсү Камчыбек Ташиевдин бир тууган жээни Байгазы Матисаков жетектеген “Кыргыз Петролеум Компани” мамлекеттик ишканасынын айланасында болгон. Анда Ташиевдерге байланыштуу делген “Регион Ойл” компаниясы “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасынан мазут сатып алып, кайра Өзбекстанга экспорттоп, пайда көргөнү айтылат.

Камчыбек Ташиев жана анын жээни Байгазы Матисаков иликтөөдөгү маалыматтарды "жалган жалаа" деп атаган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG