Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:22

Ооганстан: АКШ күчтөрүнүн кол башчысы алмашты


Ооганстан. АКШнын Ооганстандагы аскер күчтөрүнүн кол башчылыгын тапшыруу.
Ооганстан. АКШнын Ооганстандагы аскер күчтөрүнүн кол башчылыгын тапшыруу.

Ооганстандагы АКШ күчтөрүнүн жогорку кол башчылыгы Кошмо Штаттардагы Борбордук аскер жетекчилигине тапшырылды.

Бул өлкөдөгү 20 жылдык аскердик кийлигишүүнүн токтошуна алып келген бул кадам Талибан Ооганстандын үчтөн бир бөлүгүн басып алган учурга туура келди. Талибдердин өч алуусунан чочулаган бул өлкөдөгү этникалык азчылыктын өкүлдөрү өлкө ичинде жана сыртка орун которуп жатканы кабарланды.

Скотт Миллер
Скотт Миллер

АКШнын Ооганстандагы аскер күчтөрүнүн жогорку кол башчысы, генерал Скотт Миллер Кабулда болуп өткөн аземде командачылыкты Кошмо Штаттардын Борбордук аскер командачылыгынын башчысы, деңиз аскерлеринин генералы Фрэнк Маккензиге өткөрүп берди. Аскердик жетекчиликти тапшырып берүү боюнча бул символикалык аземге Ооганстандын бийлик өкүлдөрү да катышты.

Генерал Скотт Миллер аскер күчтөрү тынчтыкка умтулгандардын аракетине шарт түзүүгө тийиш экенин айтты:

“Аскер күчтөрү Ооганстандагы тынчтыкты саясий жөнгө салуу үчүн шарт түзгөнү маанилүү. Биз бардыгыбыз өлкө боюнча зомбулук жүрүп жатканын көрүп турабыз. Зомбулук болгон жерде тынчтык орнотуу кыйын экенин билебиз. Ошендуктан мен ооган элинин эркине каршы жүрүп жаткан зомбулук үчүн талибдер жооптуу экенин аларга кайра дагы айткым келет. Аны токтотуу керек”, - деди Ооганстандагы АКШ аскер күчтөрүн жетектөөдөн кетип жаткан генерал Скотт Миллер.

Генерал Фрэнк Маккензи Ооганстанга жардам берген америкалык күчтөрдү Флоридадан башкарат. Ал америкалык аскерлер Ооганстандан толук чыкканга чейин аба соккуларынан коргоого да милдеттүү. Анын айтымында, аскердик командачылыктын алдында азыр төрт милдет турат:

Генерал Фрэнк Маккензи.
Генерал Фрэнк Маккензи.

“Биз мурдагыдай эле төрт нерсеге көңүл бурабыз. Биринчиден, бул өлкөдөгү дипломатиялык корпусту коргойбуз. Экинчиден, Кабулдагы аба майдандын коопсуз иштөөсүн камсыздайбыз. Ошондой эле, ооган күчтөрүнүн коопсуздукту чыңдоосуна кеңеш берүү менен бирге террорчулукка каршы күрөштөгү биздин аракеттерди колдоону улантабыз”, – деди генерал Маккензи.

Аскердик командачылыкты символикалуу тапшыруу аземи "Талибандын" жоочулары Ооганстандын аймагынын үчтөн бирин басып алган учурга туура келди. Ооганстанда 423 район болсо, анын жүздөн ашууну учурда талибдердин көзөмөлүнө өткөнү кабарланууда. "Талибан" көзөмөлдөгөн аймактан дарилер менен хазарлар сыяктуу азчылык этностордун өкүлдөрү качып чыгып жатканы кабарланды.

“Мен болгону бут кийимимди кийгенге үлгүрүп, ошол бойдон айылды таштап, жолго чыктык. Биз жөө-жалаңдап эки күн, эки түн бою чөл жана тоо аркылуу жүрүп бул жерге келдик. Менин уулум "эгерде мен үйдө калсам, талибдер мени дагы өлтүрөт" деп айтып, тынчымды алды”, - деди Зари районунан качып чыккандардын бири Рубаба аттуу айым.

"Талибан" өлкөнүн түндүгүндөгү Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чектешкен жерлерге чейин кирип келип, бул өлкөлөрдүн бийликтеринин да тынчсыздануусун жаратты. Алар азыр кеминде үч провинциянын борборун курчоого алганы айтылууда. Алардын бири Газни провинциясы.

Ооганстандын качкындар иштери боюнча министрлигинин өкүлү Реза Мехир айыгышкан согуш адамдардын шашылыш жер которушун шарттап, качкындардын көбөйүшү көйгөй жаратып жатканын айтты:

"Зомбулуктун уланышы жана коопсуздуктун жоктугу жер которгондордун көбөйүшүнө алып келди. Башка жагынан, бул капсалаң биз көрө турган чараларды күмөндүү абалга кептеди. Эгерде кырдаал ушинтип эле өнүгө берсе, анда "биз дагы көп көйгөйлөргө туш болобуз" деп тынчсызданып жатабыз. Биз адам өлүмүнүн көбөйүшүнөн коркобуз", - деди Мехир.

Кандагарда да айыгышкан салгылаш жүрүп жатканы маалымдалды. 12-июлда талибдер Тахор провинциясына кол салып, бирок катуу каршылыктан кайра артка чегингени белгиленди. "Талибандын" позицияларына абадан сокку урулуп, кеминде ондон ашуун жоочу жок кылынганы айтылууда.

АКШ президенти Жо Байден 11-сентябрга чейин Кошмо Штаттардын Ооганстандагы аскерлери чыгарын жарыялап, кийин бул жараян 31-августка чейин аяктай турганын билдирген.

Facebook шеринеси

Тектеш

XS
SM
MD
LG