Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Ооганстан: өкмөт талибдердин чабуулуна каршы кошумча күч тартууда


Ооганстан. "Талибан" кыймылынын жоочулары.
Ооганстан. "Талибан" кыймылынын жоочулары.

Ооганстандын бийлиги маалымдагандай, 100дөн ашуун атайын бөлүктүн кызматкерлери жана ыктыярчылар талибдерге каршы күрөшүү үчүн өлкөнүн түндүгүнө жиберилди. АКШ баштаган эл аралык күчтөр өлкөдөн чыга баштаган мезгилден тартып, жоочулар ондогон аймактарды басып алышты.

Коргоо министрлигинин өкүлү Фавад Аман бийлик алдырып жиберген аймактарды кайтаруу үчүн чоң чабуулга даярдык көрүп жатканын 6-июлда "Франц пресс" агенттигине билдирген.

Коопсуздук күчтөрдүн аскерлери жана ыктыярчылардан турган күчтөр 6-июлда Тахар провинциясына жана Бадахшандын түндүк-чыгыш тарабына жиберилди. Бул аймактагы айылдарды талибдер эч кандай каршылыксыз ээлеп алышкан. Аймактагы өкмөттүк күчтөрдүн аскерлери Тажикстанга кире качышкан.

Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү июнь айынын аягында өлкөнүн түндүк-батышындагы Фарьяб провинциясына караштуу Паштун жана Хан Чарбак райондорун талибдерден кайтарып алган. Бул аймак Түркмөнстан менен чектешет.

Ооганстандын түндүгүндө өкмөттүк күчтөр менен бирге жергиликтүү тургундар, алардын арасында аялдар дагы колго курал алып, талибдерге каршы согушка аттанышты. Алардын арасында мурдагы можахеддер да бар экени кабарланды.

АКШ баш болгон НАТО быйыл мартта аскерлерин 11-сентябрга чейин Ооганстандан толук чыгарарын жарыялагандан бери Талибандын” өкмөттүк күчтөргө кол салуусу күчөй баштаган.

Ооганстанда тынчтык орнотуу аракеттери натыйжа бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG