Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:19

Инандынын адвокаты Башкы прокуратурага кайрылды


Орхан Инандыны табуу талабы менен Бишкекте өткөн митинг. Бишкек. Июнь, 2021-жыл.
Орхан Инандыны табуу талабы менен Бишкекте өткөн митинг. Бишкек. Июнь, 2021-жыл.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова Башкы прокуратурага кайрылып, кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу кылмыш ишин козгоону өтүндү. Ал башкы көзөмөл органы бул ишке тиешелүү адамдарды жоопко тартуу боюнча сотко чейинки өндүрүш башташы керектигин талап кылууда. Таалайгүл Токтакунованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, арызда мындан тышкары Орхан Инандыны эл аралык нормаларга ылайык, Кыргызстанга кайтаруу талабын коюу суранычы да жазылган.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан. Жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн табууга көмөктөшүүсүн өтүнүп, төрт жолу президент Жапаровго кайрылган.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган. Инандыга "Куралдуу террордук уюмду негиздегени же жетектегени" үчүн айып тагылганын 6-июлда Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" маалымат агенттиги жазды.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG