Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:46

Лавров Ооганстан маселесинде Дүйшөмбүгө жардам берилерин айтты


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу регионалдык өнөктөштөргө, анын ичинде Тажикстанга колдоо көрсөтүлөрүн билдирди. Бул тууралуу Лавров Владивосток шаарында Ыраакы Чыгыш университетиндеги лекциясы маалында айтты.

“Биз Тажикстан менен Жамааттык коопсуздук келишими уюмунда (ЖККУ) өнөктөшпүз. Ал жакта биздин аскердик базабыз бар. Эгер Тажикстанга чабуул болсо, албетте, бул ЖККУ чукул карай турган маселесине айланат. Уюмдун катчылыгынын өкүлдөрү тажик-ооган чек арасына барышты. Бул визиттин жыйынтыгында аймактагы кырдаал Туруктуу кеңештин отурумунда каралды. Президент Путин соңку күндөрү Тажикстандын жана Өзбекстандын лидерлери менен байланышып турду. Биз милдеттемелерибизди аткарабыз”, - деди Орусиянын башкы дипломаты.

Бир күн мурда Лавров Ооганстанда кырдаал курчуй турган болсо, Москва өнөктөш мамлекетке өз колдоосун көрсөтөрүн, тажик-ооган чек арасына жакын жайгашкан орус аскердик базасынын да мүмкүнчүлүктөрүн колдоно аларын айткан.

7-июлда Тажикстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кайрылып, Ооганстан менен чек арасын кайтарууга көмөктөшүүнү суранганы белгилүү болгон. Буга чейин "Талибан" кыймылы Ооганстандын бир катар аймактарын, анын ичинде Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш райондорун ээлеп алган. Мындан улам жүздөгөн ооган аскерлери Тажикстанга кире качышкан.

АКШ баштаган эл аралык коалиция 11-сентябрга чейин Ооганстандагы аскерлерин чыгарып кетүүнү көздөп турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG