Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

Ооган бийлиги талибдердин мизин кайтарганын айтууда


Ооганстанда "Талибан" кыймылына каршы чыккан элдик кошуундар жана аскерлер.
Ооганстанда "Талибан" кыймылына каршы чыккан элдик кошуундар жана аскерлер.

Ооганстандын бийлиги өкмөттүк күчтөр өлкөнүн түндүк-батышында талибдердин ири соккусунун мизин кайтарышканын маалымдады. Жергиликтүү эл согуш уланып жатканын айтууда.

7-июль күнү Бадгис провинциясындагы Кала - э -Нау шаарында айыгышкан күрөш болуп, талибдер өкмөттүк имараттарды, анын ичинде полиция менен атайын кызматтын штабын басып алган.

Бадгистин губернатору Хессамуддин Шамс "Азаттыктын" ооган кызматына "талибдер оор жоготууга учурап, шаардан куулганын" айтты. Ал "Кала-э-Нау" шаарында талибдердин чабуулунун мизи кайтарылып, кырдаал өкмөттүк бийликтин көзөмөлүндө экенин билдирди.

Талибан бир эле учурда Ооганстандын бир нече провинциясына кол салып, өлкөнүн 370 районунун 50дөн ашуунун басып алганы буга чейин кабарланган.

Ооганстандын түндүгүндө өкмөттүк күчтөр менен бирге бир топ жергиликтүү тургундар, арасында аялдар дагы колго курал алып, талибдерге каршы согушка аттанды. Алардын катарында мурдагы можахеддер да бар.

АКШ баш болгон НАТО быйыл мартта аскерлерин 11-сентябрга чейин Ооганстандан толук чыгара турганын жарыялагандан бери Талибандын өкмөттүк күчтөргө кол салуусу күчөй баштаган.

40 жылдан бери согуш абалында жашап келе жаткан Ооганстанда тынчтык орнотуу аракеттери натыйжа бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG