Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:04

Косоводо Сребреница кыргынын айыптаган резолюция кабыл алынды


Косовонун парламенти, 7-июль 2021-жыл.
Косовонун парламенти, 7-июль 2021-жыл.

7-июлда Косовонун парламенти 1995-жылдагы Сребреница кыргынын айыптаган резолюцияны жактырды. Косоводогу босниялык азчылыктардан турган партиялардын "Вакат" аттуу коалициясы сунуштаган резолюцияны 120 депутаттын 89у колдоду. Бир да депутат каршы болгон жок. Бирок этникалык сербдердин "Српска Листа" партиясы резолюция боюнча талкууга бойкот жарыялап, добуш берүүгө катышкан жок.

1995-жылдын 11-июлунда учурда Босния-Герцеговинага караштуу Српска Республикасынын аймагындагы Сребреница шаарынын жанында сегиз миңдей мусулман эркектер менен балдар босниялык серб күчтөрүнүн колунан өлгөн. Бул Дүйнөлүк экинчи согуштан берки Европадагы эң кандуу кыргын болуп калган.

"Вакат" коалициянын депутаты Бахри Шабани бул резолюцияны "адилеттикти орнотуу" аракети деп мүнөздөдү.

"Бул Босния-Герцеговинадагы курмандыктарга гана эмес, Косоводогу курмандыктардын унутулбашына да жардам берет", - деди Шабани.

Сребреница кыргыны 1992-1995-жылдары Босния согушу аяктап бара жаткан учурда болгон. Анда босниялык сербдер босниялык мусулмандарга жана босниялык хорваттарга каршы согушкан. Бул куралдуу кармаш 100 миңдей адамдын өмүрүн алган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Нидерланддагы согуш кылмыштары боюнча соту Сребреницадагы кыргынга байланыштуу босниялык сербдердин кол башчысы Ратко Младичти жана мурдагы саясий лидер Радован Каражичти өмүр бою абакка кескен.

1990-жылдары Косовонун өзүндө да куралдуу кармаш өкүм сүргөн. Сербия бул аймакты көзөмөлдөн чыгарбоого аракет кылган. АКШ баштаган НАТОнун операциясынын натыйжасында Белграддын Косоводогу этникалык албандардан турган жикчилдерге каршы аракети токтогон. 1998-1999-жылдардагы Косово жаңжалында 10 миңден ашуун адам мерт болгон.

Косово 2008-жылы Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялаган. Бирок Белград аны тааныбай келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG