Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:13

Иранда Ооганстандагы кырдаал боюнча сүйлөшүү башталды 


Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф.
Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф.

Иран ооган делегациясы менен "Талибан" кыймылынын өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканын жарыялады. 7-июлда башталган сүйлөшүүлөр талибдер Ооганстанда улам бир райондорду басып алып жаткан учурга туура келди.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Тегерандагы жыйынды ачып жатып, АКШнын Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетип жатканын кубаттай турганын айтты.

"Бүгүн Ооганстандын эли жана саясий жетекчилери өлкөнүн келечеги тууралуу оор чечимдерди кабыл алышы керек", - деди Зариф.

Ал Ооганстандагы кырдаалды сүйлөшүү жолу менен гана чечиш керек экенин айтып, Тегеран бул жараянга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.

Учурда Тегеранда "Талибандын" Дохадагы саясий кеңсесинин мүчөсү Шер Мохаммед Аббас Станекзай жетектеген делегация жүргөнүн AIP сайты талибдердин өкүлдөрүнө шилтеме кылып билдирди. Маалыматка ылайык, талибдердин делегациясы Ирандын баш калаасында ооган жарандары менен жолугат.

Талибдердин ооган жергесиндеги күчөгөн чабуулдары Ооганстандын Иран баштаган коңшуларын тынчсыздандырып жатат. Иранда үч миллиондой ооганстандык качкын баш калкалайт.

Жыл башында Зариф Ооганстанда бийлик боштугу жаралышы мүмкүндүгүн, талибдер ал боштукту толтурууга аракет кыларын эскерткен.

АКШ баштаган эл аралык коалиция дээрлик 20 жылдан кийин өз күчтөрүн 11-сентябрга чейин Ооганстандан чыгарып кетүүнү көздөп турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG