Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:33

Пандемияда жүрөк-кан тамыр ооруларынан көз жумгандар көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруп жүргөндөрдүн өлүмү 19% жогорулады. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акбай Сарыбаев 7-июлда брифингде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө оорудан каза болгондордон жүрөк-кан тамыр оорулары биринчи орунда турат. 2019-жылга салыштырмалуу 2020-жылы бул оорудан көз жумгандар 19% көбөйгөн. Жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандар коронавирусту оор өткөрөт.

COVID-19дан баш-аягы 2 063 адам көз жумду. Ушул тапта ооруканаларда 4 253 киши жатат жана 184 бейтаптын абалы оор. Коронавирус аныкталган 12 миңден ашык киши үйүндө дарыланууда. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG