Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:49

HRW Орхан Инанды боюнча билдирүү таратты


Human Rights Watch (HRW) уюмунун сайтында жарыяланган билдирүүдө, “Бишкекте жашаган түрк жана кыргыз жарандыгы бар Орхан Инанды соттун чечими жок уурдалып, Түркияга жеткирилиши эл аралык жана ички укуктарды бузду” деп айтылат.

HRW уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон “Орхан Инандынын уурдалышы Анкаранын жалпы эле мыйзамдарды жана эл аралык укук нормаларын тоготпогондугунун белгиси” деди. Уильямсон түрк атайын кызматтары Инандыны жашыруун алып кетишине кыргыз бийлиги каршы чыга алган эмес же уюштурууга катышкан деп божомолдоого болорун белгилеген.

Уюм "Кыргызстан өзүнүн жаранынын укуктарын коргоого чара көрүшү керек, Инанды медициналык кароодон өткөрүлүп, жактоочу берилип анын ишин дыкат териштирүү зарыл" деп билдирет.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан. Жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн табууга көмөктөшүүсүн өтүнүп, төрт жолу президент Жапаровго кайрылган.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган. Инандыга "Куралдуу террордук уюмду негиздегени же жетектегени" үчүн айып тагылганын 6-июлда Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" маалымат агенттиги жазды. (TSh)

XS
SM
MD
LG