Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:07

Маматалиев: Административдик ресурсту колдонуу уланып жатат


Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев 7-июлдагы жыйында Министрлер кабинетинин өкүлүнө кайрылып, шаардык кеңештерге шайлоодо административдик ресурс колдонуу болуп жатканын айтты. Депутат мындай көрүнүштөргө чара көрүүгө чакырды.

“Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаргандын пайдасы жок болуп жатат. Анткени кайра эле ошол көрүнүштөр кайталанууда. "Форма 2" жок болгону менен башка жакка каттоо уланууда. Айрым партиялар административдик ресурс колдонуп жатат. Мыйзам бузуулар болууда, шайлоону жокко чыгаргандан кийин аягына чейин таза өткөрүп койбойлубу”, - деди депутат.

Эл өкүлү кайсы партия административдик ресурс колдонуп жатканын ачык айткан жок.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, 3-майда Токмок, 11-майда Ош, 19-майда Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Өлкөдөгү үч чоң шаарга кайра шайлоо 11-июлга белгиленген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG