Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:07

Садыр Жапаровдун ишин караган судья кызматтан кетти


Жогорку соттун кызматтан кеткен судьясы Жаңыл Мамбеталы.
Жогорку соттун кызматтан кеткен судьясы Жаңыл Мамбеталы.

Парламент 15-июлдагы жалпы жыйында Жогорку соттун судьясы Жаңыл Мамбеталыны кызматтан алды. Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов ал кызматтан кетүү тууралуу өзү арыз жазганын билдирди.

Жаңыл Мамбеталы Жогорку Соттун судьялыгына 2018-жылы сентябрь айында шайланган. Ага чейин Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп иштеген Мамбеталы Ысык-Көл облусунун мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу иши боюнча Садыр Жапаровго чыккан Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Садыр Жапаров бул иш боюнча былтыр октябрь окуяларынан кийин акталган.

Мамбеталы Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп турганда экс-депутат Хажимурат Коркмазовдун, Алмазбек Атамбаевдин тушунда президенттик аппараттын жетекчиси болгон Данияр Нарымбаевдин, мурдагы баш прокурор, экс-депутат Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровдун иштерин караган.

Мындан сырткары Свердлов райондук сотунун судьясы болуп турганда "Альфа Телеком" компаниясына байланыштуу ишти карап, өкүм чыгарган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG