Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:37

Бишкек соту Садыр Жапаровдун өкүмүн күчүндө калтырды


Садыр Жапаров жана адвокаты Шарабидин Токтосунов сот залында. 15.09.2017

Бишкек шаардык соту “Мекенчил” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровго карата райондук сот чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды.

2-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2013-жылы Ысык-Көлдө Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкты уюштурду деп быйыл 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалган Жапаровду Кылмыш-жаза кодексинин 113 (адам өлтүрүүгө аракеттенүү), 341 (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү), 234 (бейбаштык) беренелери боюнча актап, 227 (бийлик өкүлүн барымтага алуу) беренеси боюнча 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен болчу.

Жапаров өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ошол кездеги өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп айыпталган.

Бирок Каптагаев кийин "мен Жапаров менен саясий каршылашмын, бирок ал мени барымтага алууну уюштурбагандыктан аны каралоого адамдык намысым жол бербейт" деп аны актоону шаардык соттон өтүнгөн.

Жапаровдун адвокаттары да аны толук актоону суранышкан.

Судья Жаңыл Мамбеталы бул эки өтүнүчтү тең канааттандыруудан баш тартты.

Жапаров быйылкы президенттик шайлоого талапкер болууга арыз берген. Бирок 10-августта Боршайком аны каттоодон баш тартты. 2013-жылы Жапаров бийликти басып алууга аракет жасаган деп 1,5 жылга кесилген. Абактан чыккандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. БШК анын бул соттуулугу жоюлганы тууралуу аныктама жок деген негизди карманган. (SDz/RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG