Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:26

COVID-19: Дагы он адам көз жумду, вирус 1290 кишиден аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 14-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада коронавирустан дагы он бейтап көз жумду. Алардын алтоо Бишкекте, үчөө Чүйдө, бирөө Жалал-Абад облусундагы ооруканада жаткан.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2 143​ кишиге жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1 290 адамдан аныкталды. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 144 958 адамга жетти. Андан 121 760 бейтап айыкты.

Ушул күндөрү 4 813 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен 217 бейтаптын абалы өтө оор, 1 411 кишиники оор деп бааланууда. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көп экенин айтып келет.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча дагы 40 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Ушуну менен жалпы 6 052 медкызматкерге COVID-19 жукту. Анын 5 257и сакайды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG