Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Иракта ооруканадагы өрттөн көз жумгандардын саны 90дон ашты


Ирактын Насирия шаарындагы ооруканада коронавируска чалдыккан бейтаптар жаткан бөлүмдө чыккан өрттүн курмандыктары 90дон ашты.

Кырсык 12-июлда болгон. Ал күнү 52 киши көз жумганы айтылган эле.

Премьер-министр Мустафа аль-Казыми чукул жыйын өткөрүп, саламаттык сактоо жана жарандык коргонуу жаатындагы бир катар жетекчилерди камоону тапшырды.

Апрель айында да баш калаа Багдаддагы коронавируска чалдыккандарды дарылаган ооруканалардын биринде кычкылтек баллону жарылып, сексенден ашуун адам өлүп, 110дөй киши жабыркаган.

Иракта коронавирустан 17 миңден көп адам көз жумганы расмий кабарланып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG