Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

Момбеков: жаңы шайлоо мыйзамы менен парламентке байлар эле келет


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Парламент депутаты Рыскелди Момбеков “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” жаңы мыйзам долбоору Кыргызстанда саясий туруктуулукка кедиргисин тийгизерин айтты. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 15-июлдагы жыйынында билдирди.

“Бул мыйзам эмес, резолюция. Ал эми революция менен резолюциянын арасында бир эле тамга. Бул мыйзам менен парламентке жаштар келе албайт. Базаркомдор, банкирлер, бандиттер, олигархтар келет. Ушул мыйзам менен башка ким, кантип келет? Ким кепилдик берет? Эч ким”.

Жогорку Кеңеште азыр шайлоо мыйзамдары талкууланып жатат. Документти президенттин буйругу менен түзүлгөн жумушчу-эксперттик топ жазган. Анын автору катары президент көрсөтүлгөн.

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорунда жалпы 90 депутаттын 35и бир мандаттуу округдардан, 55и партиялык тизме менен пропорционалдык система менен шайланат.

Мажоритардык система - өз алдынча шайланып келе турган 35 депутаттын округунда 100 миңден шайлоочу болот. Шайлоо күрөөсү – 100 миң сом. Мындай система менен келген депутаттын ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулса, жаңы шайлоо өтөт.

Партиялык система – саясий партия шайлоочулардын 3% босого чегинен өтүшү керек. Аялдардын квотасы - 30%, шайлоо күрөөсү – 1 миллион сом. 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар жаран Жогорку Кеңештин депутаты боло алат.

Мурдагы Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш 120 депутаттан куралып, партиялык тизме аркылуу шайланган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG