Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:59

Франция журналисттердин тыңшалышын иликтеп баштады


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Франциянын прокуратурасы иликтөөчү журналисттин мыйзамсыз тыңшалганын иликтей баштады. Мындай аракеттер Mediapart маалымат сайтында иштеген эки журналистти Марокконун бийлиги мыйзамсыз тыңшаганы боюнча арыз жазылган соң башталды. Маалымат каражаты журналисттердин телефону Израилдеги NSO Group компаниясы өндүргөн Pegasus деп аталган тыңчылар колдонгон программа аркылуу тыңшалганын билдирген.

Франциянын прокуратурасы 20-июлда бул арыз боюнча "электрондук жабдыктагы маалыматка алдамчылык менен ээ болуу", "адамдын жеке жашоосуна кийлигишүү" сыяктуу 10 айыптын негизинде иликтөө баштады.

Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору (OCCRP) 18-июлда иликтөө жарыялаган. Анда дүйнөдөгү бир катар өлкөнүн бийлиги чалгын жабдыктарын өндүргөн Израилдин NSO Group компаниясынын Pegasus программасын колдонуп, журналист, жарандык активисттердин 50 миңден ашык телефон номери тымызын тыңшалганы айтылат. Аталган программа телефон сүйлөшүүлөрдү, смс-билдирүүлөрдү жаздырып алып, уюлдук телефондо тартылып сакталган видео жана сүрөттөрдү көчүрүп, GPS аркылуу колдонуучунун кайда жүргөнүн аныктап турган.

OCCRP бул жабдыкты Азербайжан, Бахрейн, Венгрия, Индия, Индонезия, Казакстан, Мексика, Марокко, Руанда, Сауд Аравия, Того сыяктуу өлкөлөр колдонгонун ашкере кылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG