Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:06

Сузактагы Таш-Булак айыл өкмөтүнө өткөн шайлоо жыйынтыгы экинчи жолу бекиди


Борбордук шайлоо комиссиясы.
Борбордук шайлоо комиссиясы.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчылыгына өткөн шайлоонун жыйынтыгын экинчи жолу бекитти.

Буга чейин Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчылыгына өткөн шайлоодо Нурбек Самидинов 31 депуаттын 16сынын добушун алып айыл өкмөтү болуп шайланган. Шайлоонун протоколун Сузак аймактык шайлоо комиссиясы, Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен.

Бирок айыл өкмөтүнө талапкерлигин койгон Тайхожа Гиязов шайлоо мыйзам бузуулар менен өттү деп арызданып, Жогорку Сот Таш-Булак айыл өкмөтүнө өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Жогорку Соттун чечимине нааразы болгон Нурбек Самидиновдун тарапташтары нааразычылык акциясын уюштуруп, анда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин ысымы аталган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов Жогорку Соттун шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган чечимине карабастан, Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо өттү деп кайрадан таануусу мыйзамдуу экенин билдирди.

Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтү Кыргызстанда ири айыл өкмөттөрдүн бири. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG