Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Бишкекте “Саймалуу бата” социалдык оюну уюштурулууда


Кыз-келиндердин укуктарын коргоо менен алектенип келе жаткан “Айкын багыт” коомдук фонду “Саймалуу бата” деген аталыш менен социалдык оюн уюштурууда. Бул тууралуу 27-июлда “Азаттык” радиосуна уюмдун өкүлдөрү билдиришти.

Апалардын ак батасын, кыздарына мурас катары өз колу менен сайып калтырып кеткен туш кийиздердеги саймалардын маанисин жана маңызын чечмелеген, үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды даңазалаган оюн 29-июлда Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде өтөт. Ага каалоочулар топ-топко бөлүнүп алып катышат.

Уюштуруучулар белгилегендей, туш кийизге сайма сайып жатканда апалар кыздарына бирин бири түшүнүп, колдоо көрсөтүп жашай турган өмүрлүк жолдошко кезигүүнү, бала-бакыралуу болуп, сүйүүдө жана жыргал турмушта жашоону тилек кылышчу.

2009-жылы түзүлгөн «Айкын багыттын» ишмердүүлүгү ала качууга, кыздарды мажбурлап никеге турдурууга, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы багытталган.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук токтобой келатканын, мындай көрүнүшкө каршы өзүнчө бөлүм ачуу пландалып жатканын Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл 24-июнда билдирген. Мыйзамдарга өзгөртүүлөр сунушталганы, эгер алар кабыл алынса үй-бүлөдө зомбулук көрсөткөндөргө жаза катаалдай турганы да айтылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG