Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:49

"Медиазонадан" Назарбаевдин күлкүлүү сүрөтүн алып салууну талап кылышты


Казакстан. Алматыда Нурсултан Назарбаевге арналган дубалга тартылган муралды белгисиз бирөөлөр өзгөрткөн. 8-июль, 2021-жыл.
Казакстан. Алматыда Нурсултан Назарбаевге арналган дубалга тартылган муралды белгисиз бирөөлөр өзгөрткөн. 8-июль, 2021-жыл.

Казакстандын бийлиги "Медиазона- Борбор Азия" басылмасынан өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдуна маскарапоздун мурду коюлган сүрөттү алып салууну талап кылды. Бул тууралуу басылманын редакциясы кабарлады.

Бул дубалга тартылган сүрөт быйыл июль айынын башында Алматыдагы көчөлөрдүн биринде пайда болгон эле.

Граффиттинин сол жагында ‘Uly Dala Ury’ деген жазуу калтырылган. Казакчадан которгондо «Улуу талаанын уурусу» деген сөз. Активисттер «Улуу талаанын уулу» деген фразаны бурмалап ойношкону дайын болуп, дубалга тартылган бул сүрөт ошол эле күнү боёлуп, өзгөртүлгөн болчу.

Казакстандын Маалымат министрлигинин "Медиазона" басылмасына жиберген кайрылуусунда Нурсултан Назарбаевдин аброюна эл алдында шек келтирген аракет үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экени эскертилген. Бул кылмыш беренеси боюнча үч жылга чейин эркинен ажыратылат.

Бирок басылманын редакциясы сүрөттү сайтынан алган эмес. Анын ордуна Назарбаевдин жүзү таанылбагандай кылып, бозортуп койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG