Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Токио-2020: суучул Денис Петрашов 18-орунду ээледи


Денис Петрашов.
Денис Петрашов.

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында сууда сүзүүнүн брасс стилинде 200 метрге жарышка чыгып, өз бөлүгүндө биринчи орунду ээледи. Бирок жарым финалга чыгыш үчүн ага бир секундадай убакыт жетпей калды.

Сууда сүзүүнүн брасс стилиндеги 200 метрлик жарыштын квалификациясына 40 суучул катышып, алар өз ара беш топко бөлүнгөн. Эң мыкты жыйынтык көрсөткөн 16 спортчу финалдык бөлүккө жолдомо алды.

Петрашов бул жарышта марага 2 мүнөт 10.07 секундада келип 18-орунду ээледи.

24-июлда Петрашов сууда сүзүүнүн брасс стилинде 100 метрге жарышка чыгып, 49 спортчунун ичинен 27-орунду ээледи жана өзүнүн көрсөткүчүн жаңылаган.

Токиодо олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. Буга чейин мамлекет Олимп оюндарында алтын медал уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш медалга 7 миллион сом, коло медалга ээ болсо 5 миллион сом сый акы берерин убада кылган.

Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталат. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG