Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Германияда химиялык заводдо жарылуу болду


Германия. Леверкузен шаарындагы химиялык заводдогу жарылуу. 27-июль, 2021-жыл.
Германия. Леверкузен шаарындагы химиялык заводдогу жарылуу. 27-июль, 2021-жыл.

Германиянын Леверкузен шаарындагы химиялык заводдогу жарылуудан уулуу кара түтүн шаардын үстүн каптады. Бул кырсыктан жабыркагандар бар экени айтылып, бирок так саны аныктала электиги кабарланууда.

Жарылуу болгон Currenta деген химиялык заводдун жанында таштанды күйгүзүүчү полигон жайгашкан. Анда башка таштандылардан сырткары уулу жана коркунучтуу заттардын калдыгы сакталып, жок кылынып турган. Бул тууралуу Bild гезити жазып чыкты.

Бийлик жергиликтүү калкка кырсык тууралуу эскертип, үйлөрдүн терезелери менен эшиктерин бекем жабууну талап кылды. Ал эми сыртта жүргөн жашоочуларга ичкери кирип, коопсуз жайларда баш калкалоо тууралуу эскертилди.

Курулуш компанияларына сырттагы аянттарын тазалоого буйрук берилди. Полициянын маалыматы боюнча жарылуудан жабыркагандар бар, бирок алардын так саны аныктала элек.

Жарылуудан чыккан өрт жакын турган 100 миң литрге жакын күйүүчү суюктук сакталган имаратка өтүп кетүү коркунучу бар экени айтылды.

Леверкузен-Батыш районундагы кыймыл толугу менен жабылды. Леверкузен менен Кёлн шаарын байланыштарган башкы магистралдагы кыймыл дагы эки тарабынан тең токтотулду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG