Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Улукбек Ормонов Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ишин сынга алды


Депутат Улукбек Ормонов
Депутат Улукбек Ормонов

Депутат Улукбек Ормонов парламенттин 28-июлдагы отурумунда Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна Артем Новиков төрага болгондон бери бир дагы долбоор колдоо таппай жатканын билдирди.

“Артем Новиков деген жигитти алып бардык ошол жерге. Бул өкмөттө иштеп көнүп калганбы, баргандан бери бир дагы долбоор каралбайт. “Агротрейд” деген ишкана орусиялыктар менен биргеликте мыкты сүт чарба комлексин түзүү боюнча долбоор даярдап келсе баш тартыптыр. Кыргыз-орус фондунун негизги максаты ишкерлерди колдоо, ишканаларды, жумушчу орундарды түзүү эмеспи”.

Артем Новиков ушул жылдын май айында Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп дайындалган.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстандын экономикасын колдоо максатында 2014-жылы түзүлгөн. Аны түптөөгө Орусия бир миллиард долларлык капитал бөлгөн. Акыркы маалыматтарга караганда бул аралыкта фонддун эсебинен 700дөн ашык долбоор каржыланган.

Фонддун ишкерлерди каржылоосу 2020-жылдагы саясий окуялардан кийин токтоп калган эле. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров быйыл февралда Москвага болгон сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен ушул тема боюнча да сүйлөшкөнү айтылган.

Фонд кайрадан насыя берерин Садыр Жапаров быйыл 23-июнда Бишкекте ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушканда билдирген. Ал эми фонд июль айынын башынан тартып бизнес долбоорлорду каржылоосун жандантканын билдирген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG