Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Артем Новиков кызматынан бошотулуп, Орус-Кыргыз фондуна жетекчи болуп дайындалды


Артем Новиков "Азаттыктын" студиясында. Архивдик сүрөт.
Артем Новиков "Азаттыктын" студиясында. Архивдик сүрөт.

Артем Новиков министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгынан башка ишке өткөнүнө байланыштуу бошотулуп, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу 20-майда министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Фонддун Уставына ылайык, төрага үч жылдык мөөнөткө дайындалат.

Новиков "Фейсбук" аркылуу түз эфирде окурмандарына кайрылып, алдыда "абдан жооптуу, чоң иш" турганын билдирди жана өлкөдөгү абалды жакшыртуу боюнча колунан келген аракетин жасаганын айтты:

"Мен абалды өзгөртүү, социалдык тармактагы кырдаалды жакшыртуу, Министрлер кабинетинин төрагасына, президентке жармам берүү үчүн максималдуу аракетимди көрдүм. Кайсы бир деңгээлде бул ишти аткара алдым деп үмүттөнөм".

Орус-Кыргыз фонду 2014-жылы эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимдин негизинде Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине интеграция болушуна орус тараптан жардам катары түзүлгөн.

Фонддун буга чейинки жетекчиси Азиз Аалиев төрага болуп быйыл 19-мартта дайындалган. Ага чейин ал бул кызматта 2020-жылдын февраль-октябрь айларында иштеген.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG