Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:50

Муфтийликке сынак 21-майга белгиленди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аалымдар кеңешинин Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын 19-майдагы протоколдук чечимине ылайык, Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын (муфтияттын) башчысына сынак 21-майда, саат 14:30да өтөт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

22-майда Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна, 24-25-май күндөрү Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө сынак өтөт.

Муфтий болуу үчүн тапшыргандардан алты талапкердин документтери туура келди. Алар:

1. Токтогулов Нурбек

2. Гапуров Султанали

3. Исмаилов Шүкүр

4. Жээнбеков Нематилла

5. Арипов Ниязали

6. Сарыбаев Убайдулла

Буга чейин Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын (муфтияттын) башчысын шайлоо боюнча Аалымдар кеңешинин курултайынын мөөнөтү жылып, 29-майга белгиленген.

Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгү, муфтийликке жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына сынак быйыл 17-февралда жарыяланган. Быйыл 10-февралда атайын кызмат мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевди башкармалыктагы мыйзамсыз финансылык иштер боюнча козголгон кылмыш ишине шектүү катары кармаган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 12-февралда жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

11-февралда Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу менен баш тарткан арызын карап, канааттандырган. Азыр анын милдетин муфтийдин орун басары Жоробай Шергазыев аткарууда. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG