Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:35

Боршайком АШКнын Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосун жокко чыгаруу чечимин колдоду


Бишкек, 11-апрель, жергиликтүү кеңештерге шайлоо.
Бишкек, 11-апрель, жергиликтүү кеңештерге шайлоо.

Борбордук шайлоо комиссиясы “Эмгек” партиясынын аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу чечимине байланыштуу арызын карады. Жыйынтыгында аймактык шайлоо комиссиянын чечими күчүндө калды.

АШК 12-майда Бишкек шаардык кеңешине добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган. Буга Кыргызстан элдик демократиялык партиясы (КЭДП), “Эмгек” жана “Ак Бата” партияларынын шайлоодон четтетилгени, алар топтогон добуштар жараксыз деп табылганы негиз болгон.

Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоону жокко чыгаруу тууралуу АШКнын чечимин күчүндө калтыруу талабы менен бир катар партиялардын өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөргөн.

Бишкек шаардык кеңешине соңку шайлоодо жети пайыздык босогодон “Эмгек”, “Ак-Бата”, КЭДП (Кыргызстан элдик демократиялык партиясы), “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ынтымак”, “Биздин Эл” партиялары өткөн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG