Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:12

Кумтөрдө алтын чайкоочу фабрика жылдык оңдоп-түзөөдөн өттү


Кумтөр. Иллюстрациялык сүрөт.
Кумтөр. Иллюстрациялык сүрөт.

Кумтөр кениндеги алтын чайкоочу фабрикада жыл сайын жүргүзүлүүчү оңдоп-түзөө иштери аяктады. Бул тууралуу маалымат ишкананын расмий сайтына 27-июлда жарыяланды.

Маалыматка караганда, быйылкы пландуу оңдоп-түзөө 23-июлда башталып, төрт күндө аяктады. Бул аралыкта фабрика ишин убактылуу токтотуп турду, бирок кендин өзүндө иш кадимки тартипте уланып жатты.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны буга чейин канадалык «Центерра Голд» компаниясы (Кыргызстандын андагы үлүшү 26% түзөт) иштетип келген. Быйыл май айында Кыргызстан “Кумтөр Голд Компани” ишканасын өз алдынча иштете баштаган. Учурда кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голддун” ортосунда соттук териштирүүлөр уланууда. Кыргыз тарап инвестор компания экологиялык эрежелерди одоно бузганын, өлкө дээрлик пайда көрбөй жатканын билдирген. Канадалык компания мындай дооматтарды четке каккан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG