Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Экономикага өзгөчө кырдаал киргизген мыйзам долбоору сунушталды


Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште.
Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште.

Министрлер кабинети экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун демилгелеп жатат. Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык комитети аталган мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө жөнөттү.

Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун айтуусунда, 15ке жакын мыйзамдык жана ченемдик актыларга өзгөртүү, толуктоо киргизилет.

“Эки жылдан бери пандемия болуп жатат. Биздин экономиканын темпи былтыр болуп көрбөгөндөй төмөндөп кетти. Быйыл дагы ошондой коркунуч алдыда тургандыктан, кыргыз өкмөтү “экономикалык өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү” айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдарды алып келдик”.

Ага ылайык Министрлер кабинети Жогорку Кеңештин макулдугусуз бюджеттин 20% чейинки киреше жана чыгашасын өз алдынча аныктаганга укук алат. Бюджетке кирген өзгөртүү кийин Жогорку Кеңешке алынып келинет.

Жапаровдун айтуусунда, экономикадагы өзгөчө кырдаал төмөнкү учурларда киргизилиши мүмкүн:

  • Өткөн айга салыштырмалуу керектөө бааларынын индексинин деңгээлинин ай сайын өсүшү үч ай катары менен орточо 3,5% жогорулаганда;
  • Ички дүң өндүрүмгө карата мамлекеттин карызынын деңгээли жол берилген чектен 20% ашып кетсе;
  • Үч айдын ичинде ИДПны түзүүчү экономиканын тармактарынын жеке көлөмдөрүнүн индекси 20% кескин кыскарса;
  • Үч айдын ичинде тышкы соода жүгүртүү 20% кыскарса;
  • Үч айдын ичинде салык төлөмдөрү 20% кыскарса;
  • Эки кварталдын ичинде чет өлкөлүк түз инвестициянын чыгуусу 20% жетсе. (МТа)

XS
SM
MD
LG