Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:33

29-июлдун аба ырайы


Сары-Челек.
Сары-Челек.

29-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк жерлеринде, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 30…35;

Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 28…33;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 19…24, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 33…35 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында маал-маалы менен өткүн өтүп, күн күркүрөйтт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 25…27 градуска чейин жогорулайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG