Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:55

Олимпиада: Айсулуу Тыныбекова биринчи беттеште утту


Айсулуу Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде утту.
Айсулуу Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде утту.

Токио Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова 3-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килгограмм салмакта алгачкы атаандашы, латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты. Чейрек финалда Тыныбекова румыниялык Криста Тунде Инже менен күрөшөт.

Ушул күнү грек-рим күрөшүнөн 87 килограмм салмакта Атабек Азизбеков мелдешти баштап, венгриялык Виктор Лоринске 1:6 эсебинде утулуп калды. Эгер Виктор Лоринс финалга чыкса, Атабек Азизбеков коло байге үчүн жооткочуучу беттеште күчүн сынайт.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 клограмм салмакта Мээрим Жуманазарова жооткотуучу беттеште азербайжандык Элис Манолованы 4:1 эсебинде жеңди. Эми ал коло байге үчүн монголиялык Батцецег Соронзонболд менен күрөшөт. Дагы бир балбан Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта жооткотуучу мелдеште финляндиялык Арви Мартин Совалайненге жеңилди.

3-августта балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта финалда алтын медаль үчүн күрөшөт. Анын Атаандашы - венгриялык Таман Лоринц.

Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков да ушул күнү 5000 метр аралыкка чуркап, күч сынашууга чыгат.

Кыргызстандан Токио Олимпиадасына 16 спортчу аттанган. Мамлекет алтын медал алгандарга 10 миллион сом, күмүшкө жети миллион сом, коло үчүн беш миллион сом сый акы убада кылган.

23-июлда расмий ачылган Олимп-2020 мелдештери 8-августта жыйынтыкталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG