Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

COVID-19: Дагы он адам каза болду, 797 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 3-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан дагы 10 адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2354 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 797 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (445) жана Чүй облусунда (123).

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 165 540 адамга жетти.

Бир күндө 1794 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3493 адам жатат, дагы 9174 бейтап үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, быйыл жазында вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет.

15-июнда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө коронавирус эпидемясынын үчүнчү толкуну жүрүп жатканын расмий билдирген. Июндун башында бир күндө коронавирус менен 2 миңге чукул бейтап катталып жаткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG