Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Жапаров менен Ташиевдин эс алуусу сынга кабылды


Сүрөт социалдык тармактардан алынды.
Сүрөт социалдык тармактардан алынды.

Президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин Ысык-Көлдөгү соңку эс алуусу талкуу жаратты.

Социалдык тармактарда өлкөдөгү экономикалык каатчылык, чек ара, сел, кургакчылык жана кымбатчылык өңдүү маселелерден улам муну орунсуз дегендер да, тескерисинче, алардын скутер тээп эс алганын колдогондор да чыкты.

Дегеле соңку кездери Жапаров менен Ташиевдин мамилеси, айрым аракеттери жана билдирүүлөрүнөн улам кайчы пикирлер көбөйдү.

Президент Жапаровдун эс алуусу коомчулукта талкуу жаратты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:33 0:00

Президент соңку 20 күндүн аралыгында Ысык-Көлдүн жээгине эки ирет барды. Социалдык тармактарда 1-августта Садыр Жапаров менен атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин скутер тээп, жардана топтолгон эс алуучулар менен ызы-чуу, кымгуут болуп сүрөткө түшкөнү тартылган видеолор, сүрөттөр тарады.

Саясат таануучу Эмил Жороевдин пикиринде, өлкөдө экономика-социалдык маселелер чечилбей, каатчылыкка кептелип турганда мамлекет башчылардын эс алып жүргөнү орунсуз болду.

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

"Азыр Кыргызстан болуп көрбөгөндөй, акыркы 20-30 жылдан берки эң кыйын абалда турганда, ушинтип ар эки-үч күн сайын президент салмактуу экинчи саясатчы досу менен тоодон бир түшүп, суудан бир түшүп, көлдө жүргөнү менимче туура эмес,-деди Жороев. - Бул деген жоопкерчиликти толук сезбегендей же аны оңой көргөндөй туюлат. Шайлоо маалында "башкача иштейм, таза иштейм, баш көтөрбөй иштейм" деген сөздөрүн унутуп калгансыйт. Мамлекетти жетектегендер жупуну жүрүшү абзел. Президент боло электе эле обу жок кымбат баалуу кийимдерди кийип сүрөткө түшкөнүн кээ бирлер майда-барат нерсе деп ойлошу мүмкүн, бирок бул этика, такт дегендин жоктугунан кабар берет. Анткени киши түшүнүшү керек: калың элдин, алты миллион элдин алдында жетекчи катары кандай үлгү көрсөтүп жатат, мамлекеттик ишке кандай мамиле кылып жатат, ушундай кылганы туура болобу, же жокпу деп талдап, ага жооп берүүгө аракет кылышы керек. Эң кымбат баалуу машине мингени тууралуу маалымат тараган. Буга чейинки президенттер да, мисалы Атамбаевди "хан сарай салып алыптыр" дешчү эле. Макул, ал "бизнесменмин" деп кутулуп кетти. Бирок кечээ эле саясий куугунтукта жүргөн, камакта жаткан киши, эл ошондон улам ага боору ооруп жаткан киши азыр эми эл алдында ушинтип жүргөнү такыр эле туура эмес".

Алмаз Кулматов.
Алмаз Кулматов.

Мындай мазумундагы пикирлерге комдук ишмер Алмаз Кулматов дагы кошулат:

"Жогорку кызмат ордундагы, бийик жоопкерчиликтеги адамдардын минтип эс алып жүргөнү албетте, алардын жеке иши. Бирок ушундай кырдаалда, өлкөнүн абалы анча жакшы эмес болуп турганда, экономикабыз аксап, эл кыйналып турганда, илдеттен боорун көтөрө албай жаткан мезгилде элдин нааразы болгонун түшүнүп турам. Кыргыз саясатчылары, саясатка аралашкандар, өздөрүн саясатчымын дегендер жалпы дүйнөдөгү жакшы көрүнүштөрдү, дүйнөлүк баалуулуктарды бурмалап алганбыз. Биз демократияны охлократияга айлантып, ошондой түшүнүп, сезип алганбыз. Эркиндиктин баасын түшүнгөн жокпуз. Эгемендиктин баркына жеткен жокпуз. Парламентаризмдин абийирин кетирдик. Конституцияны болсо улам-улам өзгөртүп жатабыз. Өнүккөн демократиялуу ачык өлкөлөрдө мамлекет башчылардын, лидерлердин коом астында "ачык болом, баарын ачык көрсөтөм, жашыра турган эч нерсем жок" дегенин биздикилер аша чаап, одоно формада колдонуп жатышат. Эми "бир киши баарына жооп берсин, ага Конституция, система тоскоол кылып жатат экен" деп жоопкерчиликти алды да. Кыргызстан гүлдөгөн өлкө болуп, жайчылык болсо эс алса, анда эл кошо эс алып, кошо кубанат эле да. Эл кыйналып, ызалуу болуп турган мезгилде башчылар жанагындай сайрандашса эл буга албетте ызаланат, ачууланат".


Садыр Жапаров жана анын басма сөз кызматы мындай сын-дооматтарга азырынча үн ката элек. Мунун алдында Ташиев "кайсы бир аткаминерлерден акча алган" деген тизме жарыяланып кеткен. Буга Ташиев соцтармактар аркылуу жооп кайтарып, аны жалганга чыгарган, президент экөөнү каралагандар бар деп эскерткен.


"Экөөбүздү, ар түрдүү жалган жалаа менен каралап, жазып, күнөөгө батып жүргөндөр бар. Менин балдарым, инилерим жөнүндө толгон-токой болбогон нерселерди жазышып, элди ишендиребиз деген арам ойлору менен жүрүшөт. Эми минтип мен кимдир бирөөлөрдөн, акча алган деген тизме чыгарышкан. Эч кимден эч кандай акча мен албайм, биздин атыбызды жамынып акча алып, талап кылган бир нече кылмыштуу топторду колго түшүрдүк жана алар мыйзамдуу жазасын алышат. Эгерде бир эле адамдан акча алсам, анда ал адамдардын тууган уругу, жакындары билмек жана айтып чыгышмак. Биздин бардык иш аракеттерибиз мамлекетибиздин кызыкчылыгы учун жумшалат", -деп жазган Ташиев.

Жарандык активист Мукай Керимбаев "Фейсбуктагы" баракчасына соңку окуялардан улам Жапаров менен Ташиевди колдогон бир топ билдирүү жазды.

"Кээ бир нерселерди эске албаганда алдыга жылыштар жакшы. Базар күнү бардык эле адамдын жок дегенде бир-эки саат эс алууга укугу бар. Сел каптаган аймактага барбайт дегендер боюнча, эми ал жерде Министрлер кабинети бар, атайын министрлик бар, ошолор иш алып барат. Эгер президент ал жерге барса анда дагы "ушу кенедей сел алган жерге дагы келишет, популисттер, сүрөткө түшүү үчүн эле барды" деп анда да сындап чыгышмак. Сындаган оңой нерсе. Мисалы, Камчыбек Ташиев аларды каралоо, жамандоо болуп жатканын жазбадыбы. Буга чейин 30 жыл уурдап келген уурулар жөн жатпайт да. Ташиев алты миллиард сомду бюджетке, мамлекетке түшүрдү. Анын баары негизсиз каралоолор. Элдин көбү эле Жапаров менен Ташиевдин ишине канааттануу менен эле карап турушат", -деди Керимбаев "Азаттыкка" сүйлөп жатып.

Деген менен Баткендеги чек ара маселелери боюнча адис Хаиталы Айкынов аймакта жаңжалда жабыркаган эл мамлекет башчыдан жардам күтүп, түпөйүл абалда турганын кеп салды.

"Мамлекет башчылары келип, "баарын калыбына келтиребиз, эки айда эле баарын бүтүрүп беребиз" деген. Убакыт өтүп жатат. Конституциянын негизинде президенттик башкарууга өтүү үчүн бир топ мыйзамдар кабыл алынды. Жоопкерчилик бир адамда болот деп айткандары ишке ашып жатат. Баткен облсунун макамы тууралуу дагы мыйзам кабыл алынды. Облусту өнүктүрүү үчүн атайын фонд түзүлүп, облустун жетекчисине өзгөчө макам берилип жатат, мунун баары албетте жакшы. Бирок айланып келип, ошонун баары, айткан сөздөр, кабыл алынган мыйзамдар чек арада жашагандарга, үйү күйгөндөргө, жөнөкөй адамча жашоого болгон укугуна, коопсуз жашоосуна тассири тийеби, ошону камсыз кыла алабы деген суроо болуп жатат. Азырынча иш жүзүндө эч нерсе жок".

Журналист Гүлзада Шаршеналиеванын баамында, коомчулукта негизсиз сындагандар көбөйдү.

"Кайсы адам болбосун, эгер өтүк менен чыкса өтүгүн талкуулайбыз. ойлонуп отурса "кайсы арына ойлонуп отурат" деп аны дагы талкуулайбыз. Ар бир нерседен жаман жагын таап алып, ошону талкуулап, ызылдап, конструктивдүү сунуш, сын айтпай жатабыз да. Азыркы мезгилдеги жакшы нерсени таба албай жатпайбызбы. Күндүн ачылганына, суунун акканына сүйүнө албай жатабыз. Көлгө барыптыр, скутерге түшүптүр, эми ошол нерсенин деле жакшы жагын айтсак. Эс алуу күнү эмес, башка убакта барса ызылдасак деле болмок".

Өткөн айда “Фактчек” порталы социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан, Садыр Жапаров менен Ысык-Көлдө сүрөткө түшкөн адамдын таржымалын иликтеп чыккан. Анда ал Нурбек Калмурзаев аттуу ишкер экени, соңку президенттик шайлоодо Жапаровдун фондуна 6,6 миллион сом которуп, эң ири демөөрчү болгону аныкталган.

Ишкер бул окуядан кийин жергиликтүү сайттардын бирине берген маегинде Жапаровго ал көл жээгинде эс алуучулар менен жолугуп жатканда кокусунан гана кездешип калганын айткан жана шайлоодо анын ири демөөрчүсү болгонун ачыктаган эмес. Айрым бир маалыматтарга караганда Калмурзаев Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы “Баястан” деп аталган тойкананын кожоюну.

Былтыр коронавирус күчөп турган июль айында бул жайдын ээсине карантин шарттарын бузганы үчүн кылмыш иши козголгону тууралуу маалыматтар чыккан. Анда жергиликтүү милиция той өткөрбөө тууралуу үч жолу эскертүү берилгенин, бирок "Баястандын" кожоюну талапты аткарбай жатканын билдирген.

Президенттин басма сөз кызматы Калмурзаевге байланышуу комментарий берген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG