Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасында аткезчиликке каршы операция жүрүүдө


Баткен. 2021-жылдын 3-августу.
Баткен. 2021-жылдын 3-августу.

Баткенде, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында аткезчиликке бөгөт коюу боюнча атайын биргелешкен чек ара операциясы жүрүп жатат. Бул тууралуу 3-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева маалымдагандай, операцияга Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгы жетекчилик кылууда:

"Операцияга жергиликтүү бийлик, күч органдарынын жана тийиштүү структуралардын Баткен облусунда жайгашкан бөлүктөрү катышып жатышат. Максат - Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыктарын коргоого багытталган иш-чараларды өткөрүү".

Эки өлкө ортосунда аткезчилик токтобой жатканына президенттер Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон быйыл 28-июнда тынчсыздануусун билдиришкен.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG