Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:13

Дарыгерлердин айлыгын жогорулатууга бюджеттен 1,6 миллиард сом бөлүндү

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дарыгерлердин айлыгын жогорулатууга республикалык бюджеттен 1,6 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу 3-августта Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 1-июлдан тартып өлкөдө медицина кызматкерлеринин жана бул тармакта иштегендердин айлыгы 50% жогорулаган.

8,5 миң сом маяна алган дарыгерлер дээрлик 13 миң сом, 6 миң алгандар 9 миң сомдон ала башташты.

Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагында 77 миң адам эмгектенет, алардын 14 миңи дарыгерлер, 33 миңи орто медициналык кызматкерлер, калгандары административдик жана башка кызматтагылар. (RK)

​
XS
SM
MD
LG