Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:39

Беларус активистинин өлүмүн украин полициясы иликтейт


Виталий Шишов. "Украинадагы беларус үйүнүн" жетекчиси.
Виталий Шишов. "Украинадагы беларус үйүнүн" жетекчиси.

Киевде 2-августа жоголгон “Украинадагы беларус үйү” коомунун башчысы Виталий Шишовдун асылган жасаты гүлбактан табылды. Анын жүзүндө ур-токмоктун белгилери болгон. Бул тууралуу Киевдин Улуттук полиция башкармалыгы кабарлады. Полициянын маалыматы боюнча беларус активистинин сөөгү Киевдеги ал жашаган жерден алыс эмес гүлбактын ичинен табылган. Анын жанындаus уюлдук телефону жана жеке буюмдары жоголгон эмес.

“Беларус үйүнүн” өкүлү Юрий Шчучко бакты полиция курчоого алып, иликтөө иштери башталганын айтты:

“Бул эски схема. Бул адам токмоктолуп, өлтүрүлгөн. Эч нерсеси каракталган эмес. Ал үй кийими менен чыккан экен. Буга чейин бизге, КГБнын тыңчылар тармагы иштеп жатканы, ар кандай болуп кетиши мүмкүн экени жана этияттык керек экени айтылган. Виталий менден жакындарына кам көрүүнү суранып, алдын ала бир нерсени сезгендей жүргөнү таң калтырды”, - деди Юрий Шчучко.

“Украинадагы беларус үйү” коомунун телеграм-каналына Виталий Шишов 2-августта эртең менен чуркаганы чыгып, ошол бойдон үйүнө кайтпаганы кабарланган болчу.

Виталий Шишовдун тааныштары ал буга чейин эртең менен чуркоо учурунда артынан аңдуу болгонун айтканы тууралуу тергөөгө көрсөтмө беришти.

“Украинадагы беларус үйү” коому Беларустан качкан жарандарга турак-жай таап, жумушка орноштуруп, социалдык жардам көрсөтүү менен алектенген коммерциялык эмес уюм.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG