Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:03

4-августтун аба ырайы


Сары-Челек.
Сары-Челек.

4-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынын тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 32…37;

Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 27…32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 35…37 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 24…26 градуска чейин жогорулайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG