Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:58

 Тимановскаянын мелдештен четтетилиши иликтенет


Жапония. Кристина Тимановская. 30-июль, 2021-жыл.
Жапония. Кристина Тимановская. 30-июль, 2021-жыл.

Бул тууралуу Эл аралык Олимпида комитетинин расмий өкүлү Марк Адамс билдирди. Ал азыркы учурда Беларустун Улуттук Олимпиада комитетинин отчетун күтүп жатышканын, анын негизинде бул ишке кимдер кириптер болгонун аныктоо үчүн расмий түрдө илктөө жүргүзүлө турганын айтты.

Эл аралык Олимпида комитетинин расмий өкүлү Марк Адамс эң башкысы спортчунун коопсуздугу экенин айтып, азыркы мезгилде жеңил атлетчи Кристина Тимановская Польшанын Токиодогу элчилигинде турганын белгиледи. Анын айтымында, Тимановская виза алып, Варшавага учууга даярданууда. Ошондой эле Марк Адамс беларус жөө күлүгүнүн андан аркы маселесин чечүү үчүн Польшанын Улуттук Олимпиада комитети менен сүйлөшүүлөр жүргөнүн кошумчалады.

24 жаштагы жөө күлүк Олимп оюндарында 100 жана 200 метрлик жарышка катышуу үчүн Токиого келген. Ал бир нече күн мурун "Инстаграмдагы" баракчасынан Беларустун спорттук аткаминерлери анын макулдугусуз 400 метрлик эстафетага катыштырууну чечишкенин айтып, сынга алган эле.

Мындан соң 1-августта эртең менен беларус бийлиги спортчуну шашылыш түрдө Токиодон чыгарып кетүүгө аракет кылып, Ханэда аэропортуна алып келген. Аэропорттон Тимановская бийлик күч менен өлкөсүнө кайтарууга аракет кылып жатканын айтып, учакка отуруудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG