Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:51

Ала-Тоо аянтында кыргызстандык балбандардын күрөшү көрсөтүлөт


Акжол Махмудов. Токио.
Акжол Махмудов. Токио.

Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык үч балбандын 3-августтагы күрөшү Бишкек шаарынын борбордук аянтына орнотулган чоң экрандан көрсөтүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 3-июлда саат 15:15тен баштап кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарованын күрөшү башталат.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова жарым финалда украиналык спортчу Ирина Коляденко менен күч сынашат.

68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова эркин күрөш боюнча коло байге үчүн монголиялык Батцецег Соронзонболд менен таймашат.

Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта финалда алтын медаль үчүн күрөшөт. Анын атаандашы - венгриялык Таман Лоринц.

Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков да ушул күнү 5000 метр аралыкка чуркап, күч сынашууга чыгат.

Кыргызстандан Токио Олимпиадасына 16 спортчу аттанган. Мамлекет алтын медаль алгандарга 10 миллион сом, күмүшкө жети миллион сом, коло үчүн беш миллион сом сый акы убада кылган.

23-июлда расмий ачылган Олимп-2020 мелдештери 8-августта жыйынтыкталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG