Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Адилеттүүлүк үчүн күрөштө сынбаган Рузиев


Камил Рузиев
Камил Рузиев

Кыргызстанда социалдык тармактын колдонуучулары укук коргоочу Камил Рузиевдин бошотулушун талап кылган петиция жарыялап, кол топтоп жатышат. 4-августта анын соту болот. Кыйноолорго туш болгондорго укуктук жардам көрсөтүп келгени менен белгилүү Рузиев "Документтерди жасалмалоо" беренеси менен айыпталууда. Өзү бул дооматты четке кагып келет.

Инженерден укук коргоочулукка өткөн Рузиев

Отуз жыл мурун Майлуу-Суу заводунда инженер болуп иштеген Камил Рузиев адам укуктарын коргоо негизги кесибине айланарын билген эмес. Бирок адилеттүүлүк үчүн чын дилинен күрөшүп, укугу тебеленгендерге болуша кетчү. Активдүүлүгүнөн улам Майлуу-Суу шаардык кеңешине депутаттыкка шайланган.

"Жардамга муктаждарга, мыйзамсыздыктан жабыркагандарга колдоо көрсөткүм келчү. 2000-жылдардын башында Караколго кайтып, "Вентус" укук коргоо уюмун ачтым. 2003-жылы жаңы ачылган Омбудсмен институтуна чакырышты. Бул адам укуктары жана эркиндиги үчүн күрөшкөн алгачкы мамлекеттик мекеме эле. Мен ал жакта көп жыл иштеп, ар кандай тренингдерден өтүп, кыйноонун, зомбулуктун курмандыктарына укуктук жардам көрсөтүп келдим. Жабык жайларды көп кыдырдым. Ал жакта жардамга муктаж, акыйкатсыздыкка кабылган көп адамдарды көрдүм. Аларга жардам берген мага жагат".

57 жаштагы Камил Рузиев Ысык-Көл облусундагы көп улуттуу Ырдык айылында туулуп, өскөн. Ал мектепти аяктагандан кийин Карагандадагы политехникалык институтту бүтүргөн. Кийин Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган. Мындан аркы өмүрүн адам укуктарын коргоого арнарын билгенде гана юридикалык билим алган.

Быйыл "Вентус" укук коргоо уюмун ачканына туура жыйырма жыл болот. Бул убакыт аралыгында акыйкаттык, адилеттүүлүк издеп жүздөгөн адамдар кайрылган. Рузиев үй-бүлөсү анын жумушуна түшүнүү менен караганына ыраазы.

"Бирөөгө жардам көрсөтө алсам аябай кубанам. Көчөдөн жолугуп, ыраазычылыгын билдиргендер болот. Интернеттен жазышат. Кээ бирөөлөрүнө телефондон эле кеңеш берем, эстеп калбайсың да. Алар болсо унутушпайт. Ушул нерсе үчүн иштейм".

Рузиевдин камалышы

Адам укугу, өзгөчө кыйноолорго кабылгандарга колунан келишинче жардам берүүгө ашыккан Камил Рузиев учурда өзү да акыйкатсыздыкка кабылып калганын айтат. 2020-жылдын 29-майында Рузиев "Документтерди жасалмалоо" жана "Алдамчылык" беренелеринин негизинде кармалганын Улуттук коопсуздук кызматы билдирген.

Камакта отурганда Рузиев күч органдарынын аракетине карата каяша иретинде ачкачылык жарыялаган жана үй камагына чыккандан кийин ден соолугу начарлап кеткендиктен ооруканага жаткан. Кийин анын ишиндеги Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси алынган. Рузиев мунун баарын анын укук коргоочулук ишмердүүлүгү үчүн өч алуу деп эсептейт:

"Анткени мен прокурорго, Коопсуздук кызматынын жетекчилигине каршы арыз жазгам. Алар мени коркутуп-үркүткөн Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерине каршы ишти аягына жеткиришкен эмес".


Жалпысынан Камил Рузиев Улуттук коопсуздук комитетинин жана Ысык-Көл облустук прокуратурасына каршы 14 арыз жазып, Каракол шаардык сотуна жана облустук сотко кайрылган. Эки сот тең анын арыздарын кароодон баш тарткан. Кармалган күнү дагы Рузиев ошол арыздар боюнча соттук отурумдан чыгып келаткан эле. Рузиев боюнча бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары, анын ичинде Эл аралык мунапыс уюму, "Хьюман Райтс Уотч" тынчсыздануусун билдирип, кыргыз бийлигинен Рузиевдин бошотулушун талап кылышкан. Ошол кезде УКМК бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тарткан.

Рузиевдин айтымында, укук коргоочулар мамлекеттик кызматкерлердин мыйзам бузууларын ачыктаганы үчүн куугунтукка кабылышат.

"Биз алардын тиги же бул кылмыштары үчүн мыйзамга ылайык жазага тартылышын көздөйбүз. Бул аларга жакпайт. Мага каршы 2017-жылы дагы эл аралык кастыкты козутуу деген кине менен кылмыш ишин козгогулары келген. Бирок анда ишке ашыра алышкан эмес".

“Вентус” коомдук уюмунун укук коргоочусу Камил Рузиев
“Вентус” коомдук уюмунун укук коргоочусу Камил Рузиев

"Жардам бере албай калганда зээним кейийт"

Камил Рузиевдин укук коргоо уюму Кыргызстанда алгачкы жолу психологиялык кыйноо көрсөткөндөрдүн күнөөсүн далилдей алган. Себеби, көп учурда психологиялык басымды далилдөө кыйынга турат. Биринчи инстанция жашы жете элек кызды зордуктагандарды кое берип жибергенде, доо арыз менен кайрылып жатып, кылмышкерлерди жазага тартууга жетишкен. Бул Рузиевдин уюму жардам көрсөтө алган бир-эки гана мисал.

Кээде жабыркагандардын укуктарын коргой албай калган дагы учурлар болот. Рузиев айрым кыйноолордун курмандыктарына жардам бере албаганына кейийт. Ошентсе да укук коргоочу анын жана башкалардын ишинде да адилеттик орноруна ишенет. Ошондуктан тынбай аракет кылуудан, күрөшүүдөн баш тартпайт.

"Кыргызстан менин мекеним. Мен бул жактан эч кайда кетким келбейт. Мекенимди, Ысык-Көлүмдү жакшы көрөм. Адамдары жакшы, табияты кооз. Бизде сөз эркиндиги бар. Муну менен мактанса болот. Бирок баары артка кетип баратканы, жакырчылык, мыйзамдын сакталбаганы зээнди кейитет. Интеллектуалдар, активисттер бар үчүн үмүт дагы бар. Мисалы, Монголияны алсак, ал жактын мыйзамдары абдан жакшы. Ал жакта укук коргоочуларды коргогон мыйзам кабыл алынды. Монголия демократияда алдыга кетти. Мен дагы биздин мамлекетте ушундай мыйзам кабыл алынышын каалайт элем", - деген Рузиев адам укуктарын тынч коргоо менен алектенип, мамлекетке тескерисинче жардам берүүнү кыялданат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG