Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Рузиевдин ишинде жаңы жагдай пайда болду


Kамилжан Рузиев. Архивдик сүрөт.
Kамилжан Рузиев. Архивдик сүрөт.

«Документтерди жасалмалоо» беренеси менен шек саналып жаткан караколдук укук коргоочу Камилжан Рузиевдин ишинде жаңы жагдайлар пайда болду.

Бул иште күбө катары өтүп жаткандардын бири Раиса Фалер Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери аны алдап, Рузиевге каршы көрсөтмө алганын айтып чыкты.

Камилжан Рузиевге козголгон кылмыш ишинде УКМКнын пайдасы үчүн көрсөтмө берген Раиса Фалер укук коргоочунун ишине байланыштуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кайрылды. Анын Интернетте тараган арызында Фалер ушул жылдын 1-июнунда «УКМКнын кызматкерибиз деген адамдар аны алдап Рузиевге каршы берилген көрсөтмөгө кол койдуруп алганын» жазган. Ал укук коргоочуга эч кандай дооматы жок экенин билдирген жана Рузиевди куугунтуктоону токтотууну талап кылган.

Буга чейин атайын кызмат Р.Ф. аттуу адам адвокаттык кызмат көрсөтүүгө убада берген Камилжан Рузиевге карата чара көрүүнү суранганын кабарлаган.

Рузиев жактоочуулук иши үчүн кардарынан мончо куруп берүүнү суранганын жана анын курулушуна 100 миң сомдон ашык акча кеткенин билдирген. Раиса Фалердин аты менен фамилиясынын баш тамгалары УКМК тараткан маалыматта көрсөтүлгөн инициалга туура келет.

Раиса Фалердин Интернетке тараган арызы.
Раиса Фалердин Интернетке тараган арызы.

«Алар (ред: УКМКнын кызматкерлери) мен өзүм барып арыз жазгандай эле берип коюшуптур. Мындай болгон эмес. Кызматкерлер үйүмө келип мени коркутушкан. Керек болсо аларга каршы арыздансам да болот. Камилжан Рузиев көп кишиге жардам берген. Мен ага кантип каршы чыкмак элем?», – деди Раиса Фалер.

Анын сөзүнө караганда, эки жыл мурда ал автокырсыкка кабылып, жабырлануучу тарап аны сотко берген. Сотто Камилжан Рузиев ага юридикалык жардам берген экен.

Рузиев менен байланышканыбызда ал Раиса Фалердин кызы менен күйөө баласынын милициядагы ишине байланыштуу да иштешкенин билдирди.

Ал Фалердин сөз болуп жаткан арызын өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү облустук прокуратурага жибергенин, азырынча жооп келе элек экенин кошумчалады.

Интернетке тараган кайрылуу тууралуу УКМКга жана анын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына байланышып маалымат ала алган жокпуз.

Рузиев ага козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий берип жатып тергөөдөгү мыйзам бузууга токтолду:

«Биздин өтүнүчтөр такыр эле каралбай жатат. Мыйзам иштеген жок. Ишти карап жаткан тергөөчүгө ишенбестик көрсөтүп Башкы прокуратурага бир нече жолу арыз жаздык. Акыйкатчы да арыз берүүдө. Бирок арыздарды иш козгогон адамдар өздөрү карап эле оң жооп келген жок».

Маалымат боюнча Камилжан Рузиев 29-майда кармалгандан кийин жана 31-майда бөгөт чарасы аныкталган учурда суракка алынган. Ал прокуратура ага каршы кылмыш ишин 3-мартта эле козгоп, андан бери маалымат бербей жүргөнүн айтты.

Укук коргоочу кесиптик ишмердигине байланыштуу прокуратурага ошол кезде бир нече жолу барганын, ага карабай иш козголгону тууралуу кабар берилбегенин атайын уюштурулган деп эсептейт.

Ал арада анын адвокаты Чынара Жакупбекова Камилжан Рузиев эки өпкөсүнөн пневмония болуп ооруп жатканына карабастан тергөө амалдарына чакырылганына нааразы болду:

Чынара Жакупбекова.
Чынара Жакупбекова.

«Тергөө амалдарын коё туруу жөнүндө өтүнүч келтирсем да болбой жатышат. Төрт жолу чакырышты. Медициналык аныктамасын көрсөтүп жатабыз. Рузиев өзү оорукчан. Эки өпкөсүндө өнөкөт бронхити бар. Ошого карабай чакыртып жатышат».

Буга чейин адвокат Жакупбекова документ жасалмалоо тууралуу ишти мыйзам боюнча УКМК карабай турганын эске салып Башкы прокуратурага арыз жөнөткөн.

Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы адвокаттын Рузиев боюнча кайрылган үч жолдомосу бар экенин кабарлаган. Анын экөө тергөө караштуулугуна байланыштуу жеринде чечиш үчүн Ысык-Көл облустук прокуратурасына жөнөтүлгөнү, ал эми бир кайрылуусу текшерүү алдында турганы маалым болгон.

Камилжан Рузиевге козголгон ишти бир катар укук коргоочулар жарандык коомго карата басым катары баалап келет. Укук коргоочу Динара Ошурахунова муну күч органдарынын кемчиликтерин ашкере кылган адамдарга карата чабуул катары баалады:

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

«Камилжан Рузиев - укук коргоочу. Ал күч түзүмдөрүнүн туура эмес иштерин алып чыгып, далилдеп көрсөтүп берчү. Ошондуктан укук коргоо органдары ага өч. Алар кымындай бир жылчык болсо укук коргоочулардын оозун басууга, кылмыш ишин козгоого аракет кылышат. Мындай иштер бүгүн эле болуп жаткан жери жок. Буга чейин деле катталган. Бирок азыр көп болуп жатат».

Камилжан Рузиев Караколдогу «Вентус» уюмун жетектейт. Ал күч түзүмдөрүнүн кыйноосуна жана зомбулугуна кабылганы айтылган адамдарды коргоп, юридикалык жардам берип келгени менен белгилүү.

Рузиев быйыл 29-майда Караколдо анын УКМК жана прокуратура кызматкерлерине каршы жазган доо арызы каралган сот отурумунан чыгып келе жатканда кармалган. Эки күн изолятордо отургандан кийин алгач үй камагына алынып, кийин жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тууралуу тилкат менен бошотулган.

Башында «Документтерди жасалмалоо» жана «Алдамчылык» беренелери менен айып коюлуп, кийин экинчи берене алынып салынган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG