Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

Мурдагы элчи сурак берип жатат


Кылычбек Султан.
Кылычбек Султан.

Мурдагы элчи Кылычбек Султан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси менен сурак берип жатат.  

Мурдагы элчи Кылычбек Султандын айтымында, ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте 23-июлдан бери 5-6 жолу күбө катары сурак берип чыкты.

Мурдагы элчи тергөөнүн купуялыгына кол коюп бергенине байланыштуу сурак жөнүндө ачык айта албайт. Кылычбек Султан атайын кызматта Жазык кодексинин 309-беренеси («Бийликти күч менен басып алуу») менен сотко чейинки териштирүүгө алынган иште күбө катары суралып жатканын ырастады. Ал УКМКга эч кандай нааразылыгы жок экенин айтып, сын айткандарды суракка чакырууну бийликтин буйругу катары баалады:

«Ак үй жактан келип жаткан буюртма катары кабыл алам. Саясий тапшырма болуп жатат деп ишенем. Болгондо да примитивдүү жол менен тапшырма болуп атат. Мындай жол менен адамды коркутуу мүмкүн эмес. Бийлик өзү иштей албай жатса - иштемек турсун тескери жыйынтыктарга алып келип атпайбы - албетте, эл нааразы болот. Элдин арасында саясий ишмерлер жазып, айтып чыгат. Айткандардын баарын эле камап койсо маселе чечилбейт».

Кылычбек Султандын адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдиргендей, Жазык кодексинин 309-беренеси («Бийликти күч менен басып алуу») боюнча иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 17-июлда катталган. Мындан сырткары Султан 2018-жылы анын элчилик кызматына байланыштуу катталган кылмыш иши боюнча да күбө катары сурак берип жатат.

29-июль күнү кечинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кылычбек Султандын суракка чакырылышы боюнча түшүндүрмө таратты. Ага ылайык, Кылычбек Султандын Кыргызстандын Түштүк Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп жүргөндө кызмат абалынан пайдаланышы ыктымал экендигине байланыштуу сотко чейинки териштирүүгө алынган бир катар эпизоддор боюнча иликтөө-текшерүү иштери жүрүп жатат.

Маалыматта «27-июль күнү Кылычбек Султан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке аталган иш боюнча күбө катары чакырылган. Бирок Кылычбек Султан көрсөтмө берүүдөн баш тартканы үчүн тергөө чаралары жылдырылды» деп жазылган.

Атайын кызмат «Бийликти басып алуу» беренеси менен ачылган факт жөнүндө маалымат берген жок.

Жазык кодексиндеги бул берененин мазмуну «Конституциялык түзүлүштү бузууга аракет» деген сыяктуу кыскача гана аныктама менен жазылган. Оор кылмыш болуп эсептелген бул берененин жаза мөөнөтү - 10 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

Укук коргоочу Рита Карасартованын пикиринде, айрыкча акыркы эки бийликтин тушунда «Бийликти басып алуу» жана «Аймак аралык кастыкты козутуу» деген сыяктуу оор беренелер ыңгайсыз саясатчыларга көп колдонулуп жатат.

Укук коргоочу бул берененин далил болуучу корутундусунда жаран кандай аракети менен бийликти басып алууга айыпталары түшүнүксүз деп эсептейт.

«Равшан Жээнбековдун «Бийликти басып алууга аракет кылуу» деген дагы бир беренеси бар. Ага беш киши көрсөтмө бериптир. Бул беренеде далил маселеси маанилүү эмес, - деди Карасартова. - Бектур Асанов, Дастан Сарыгулов да болбогон нерселер үчүн «бийликти басып алган жатат» деп камалып чыгышты. Балким УКМКда иштеген кызматкерлер эле түшүндүрүп эле бербесе, мен үчүн «басып алуу» дегендин так аракети, аныктамасы белгисиз. Бул «бийликти басканы жатасың» деп оппозицияны камап койгонго эң ыңгайлуу берене болуп калды».

Буга чейин Кылычбек Султан «Фейсбуктагы» баракчасына 5-августта президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо боюнча нааразылык акциясы болорун жазган. Эми нааразылык акциясына бир-эки айдан кийин чыгууну сунуш кылып жатат. Ал Интернетте пандемия шартында бийликтин кетирген кемчиликтерин, коррупцияга каршы күрөш начар болуп жатканы тууралуу сын пикирлерин жазып келген.

Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

Парламенттин депутаты Тазабек Икрамов учурда өлкөдө өз пикирин эркин айтууга эч тоскоолдук жок деп эсептейт. Икрамов азыркы кырдаалда бийликти сындап саясий упай топтоо жеңил экенин белгилеп, саясатчыларды шайлоо алдында ар кандай пиардан оолак болууга чакырат.

«Чын ниети менен сындагандар бар, ошол эле учурда популизм кылып, элге жакшы көрүнгүсү келгендер бар. Бийликти сындап коюу менин деле колумдан келет. Мисалы, «эмнеге беткап, дарылар бекер эмес» деп сындап чыксам болот. Элдин баары «чындыкты айтты» деп колдой берет. Бирок бул туура эмес. Абалды караш керек», - деди эл өкүлү.

Президент Сооронбай Жээнбеков 18-июлда «Биринчи радиодогу» маегинде шайлоо жөнүндө суроого жооп берип жатып, коронавирус менен кошо бийлик үчүн күрөш да жүрүп жатканын белгилеген. Анда Жээнбеков саясий кырдаалды чайпалткысы келип жаткандар бар экенин кыйыткан:

«Азыркы кээ бир саясий күчтөр коронавирустун кесепетинен жаралган кырдаалды пайдаланып, саясий кырдаалды чайпалткысы келген, өз дивидендин алгысы келген саясатчылар жок эмес, бар. Менин президенттик милдетим - коронавируска каршы күрөш, элдин саламаттыгын сактоо. Көчөдөгү саясий чайкоочулук, бет тырмарлык менен эмес, аны жогоруда да айттым, мыйзамдуу жол менен келишсин».

Учурда камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ондон ашык тарапташына да «Бийликти басып алуу» деген берене менен айып коюлган. Абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдогон митингге катышкан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев жана Жапаровду коргоо кыймылынын Каракол шаардык штабынын башчысы Анар Дубанбаева «Бийликти басып алууга аракеттенген» деген берене менен кылмыш иши тергелип жатат.

Акыркы 3-4 айдын ичинде социалдык тармактарда бийликти сындап жазган жарандар күч органдарына байма-бай сурак берип жатышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG