Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-июль, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:56

Укук коргоочу Рузиев президент Жээнбековго кайрылды


Камилжан Рузиев ооруканадан президентке видео кайрылуу жиберди. 5-июнь, 2020-жыл.

Караколдук укук коргоочу Камилжан Рузиев президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, ага карата козголгон кылмыш иши жасалма экенине көңүл бурууга чакырды.

Ооруканада жатып жаздырган видео кайрылуусунда ал соттук териштирүүнүн калыстыгын жана ырааттуулук мыйзамынын сакталышын камсыз кылууну суранып, күбөлөргө карата жасалып жаткан басым, коркутуу сыяктуу көрүнүштөрдү токтотуп берүүнү өтүндү.

«Мага карата куугунтук мен Ысык-Көл облусунда кыйноого кабылган адамдар боюнча, аларга карата жасалган зордук-зомбулукка жана коррупцияга каршы активдүү иштеп жатканда башталды», - деп түшүндүрдү ал.

Рузиев мамлекет башчы Жээнбеков бийликке келгени коррупцияга каршы күрөш жана күч органдарын реформалоо тууралуу дайыма айтып келерин белгилеп, өзү да өмүрүн тартип коргоо органдарындагы мыйзамсыздыкка каршы күрөшкө арнаган адам экенин айтты.

Анын «Вентус» уюму көптөгөн адамдарга укуктук жактан жардам бергенин белгилеп, кыйноого кабылып, укук коргоочунун колдоосу менен актыгын далилдей алган жергиликтүү тургундардын тизмесин келтирди. Арасында милициянын кыйноосунан каза болуп калгандар да бар экенин белгиледи.

Ал эми өзүнө карата козголгон кылмыш ишин Каракол шаардык милициясында иштеп кеткен тергөөчүнүн өч алуусу катары баалап, буга Палестина мамлекетинин жарандарынын кыйноого кабылышы тууралуу иш себеп болгонун жүйө келтирди.

Укук коргоочу жана активист, Ысык-Көл облусундагы «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, 57 жаштагы Камилжан Рузиев кармалганын УКМК 30-майда кабарлап, сотко чейинки өндүрүш материалдары Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Документтерди жасалмалоо» жана «Алдамчылык» беренелеринин негизинде катталганын билдирген.

Ал Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, эки күндөн кийин үй камагына чыгарылган жана анын ишиндеги Жазык кодексинин «Алдамчылык» беренеси алынган.

Камакта отурганда Рузиев күч органдарынын аракетине карата каяша иретинде ачкачылык жарыялаган жана үй камагына чыккандан кийин ден соолугу начарлаганына байланыштуу ооруканага жаткан.

Рузиевдин маселесин 4-июнда Жогорку Кеңештин Кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш боюнча комитетинин төрайымы Наталья Никитенко да көтөрүп, УКМК пикирин ачык айтып чыккан жарандык активисттерди кармаганы кооптондуруп жатканын айткан. Ал «Рузиевге коюлган «Документ жасалмалоо», «Алдамчылык» деген беренелерге УКМКнын кандай тиешеси бар?»​ деген суроо койгон.

Атайын кызматтын жетекчисинин орун басары Тургунбеков Никитенкого:

«Азыр мен жооп бере албайм. Сизге жазуу түрүндө жооп берели», - деп жооп кайтарган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (3)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG