Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:51

Никитенко: УКМК сын айткан активисттерди кармап жатканы кооптондурат


Наталья Никитенко.
Наталья Никитенко.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) пикирин ачык айтып чыккан жарандык активисттерди кармап жатканы кооптондурат. Мындай пикирин 3-июнда Жогорку Кеңештин Кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш боюнча комитетинин төрайымы Наталья Никитенко билдирди.

Комитеттин жыйынында ал УКМКнын төрагасынын орун басары Мирлан Тургунбековго кайрылып, «Шаардагы парктар» ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиеванын жана караколдук укук коргоочу Камилжан Рузиевдин окуясына кайрылды:

«Коопсуздукту, улуттук коопсуздукту камсыз кыла турган, чалгындоо жана контрчалгындоо менен алектениши керек болгон УКМК айрым жарандык активисттерди кармап жатканы тууралуу маалымат кооптонууну пайда кылууда. Бул иш айрым бир пикири бар жарандык активисттерге каршы күрөшкө айланбаса болот эле. Калича Умуралиева жана Камилжан Рузиев тууралуу маалымат берсеңер. Рузиев адвокат катары адамдардын укуктарын коргоо тууралуу биздин комитетке апта сайын кат жазып турат. Мен депутат катары аны ушул жагынан билем. Ага «Документ жасалмалоо», «Алдамчылык» деген беренелер коюлган экен. Буга УКМКнын кандай тиешеси бар? Мени кооптондурганы - анын УКМКнын облустук деңгээлдеги кызматкерлерине даттанып кайрылган иши сотто карала баштаганда кармалып жатканы».

Атайын кызматтын жетекчисинин орун басары Тургунбеков Никитенкого:

«Азыр мен жооп бере албайм. Сизге жазуу түрүндө жооп берели», - деп жооп кайтарды.

28-майда Бишкек мэриясынын «Шаардагы парктар» ишканасынын директору Умуралиеваны УКМКнын шаардык бөлүмү төрт саат суракка алган.

Караколдук активист Рузиевге карата Жазык кодексинин «Документтерди жасалмалоо» беренесинин негизинде иш козголгонун УКМК кабарлаган. Эки күн камакта отургандан кийин ал үй камагына чыгарылган. (RK)

XS
SM
MD
LG